Ак халатчандар анттан тайганда...

Акыркы кезде коомчулукта дарыгерлердин шалаакылыгынан жабыр тартып калдым деп даттанган адамдар көбөйүүдө.

Андайларды күндөлүк турмушта эле эмес, социалдык тармактар аркылуу таратылган фото, видео же баян түрүндөгү маалыматтардан да жолуктурууга болот. Өмүр сакчылары эмнеден жаңылып, кайсы жерден Гиппократтын антына доо кетирип жатышат? "Азаттык+" бул чыгарылышта ушул теманы иликтөөгө алды.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ак халатчандар анттан тайганда (1)

Ош шаарында дарыгерлердин кайдыгерлигинен 25 жаштагы келин түбөлүккө эне болуу укугунан ажырады. Шаар тургуну Мехригүл Саитова боюна бүткөнүнө алты ай болгондо ооруп калып, эгиз уулдарын жоготту.

Кантсе да бул Муратовдордун үй-бүлөсүндөгү жалгыз көйгөй эмес. Мехригүлдүн күйөөсү Исманали Муратов да бир нече жылдан бери боору жарактан чыгып, аны алмаштыруу зарыл болуп турат

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ак халатчандар анттан тайганда (2)

21 жаштагы Ырыскелди Садыбакас уулу эки даана дары, калпыс коюлган диагноздун айынан бүгүн да төшөктө жатат. Ооруканага шыпаа издеп барып, кайра дарт тапкан бейтаптын абалы оор.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ак халатчандар анттан тайганда (3)