Түйшүккө байланган балалык

“Бишкек базарларындагы көрүнбөгөн балдар” аттуу көргөзмөдөн алынган сүрөт. 17-сентябрь, 2015-жыл

"Азаттык +" бул жолу балдардын оор турмушу жана эмгекке эрте тартылуусу тууралуу сөз кылды.

Майып энесин жана инисин багуу үчүн базар аралап, желим баштык чогулткан 13 жаштагы Айчүрөктүн окуясы көпчүлүктүн бүйүрүн кызытып, социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратты. Бирок Айчүрөк турмуш жүгүн көтөрүп, иштөөгө аргасыз болгон Кыргызстандагы миңдеген балдардын бирөө гана.

Мисалы, милиция кызматкери болууну самаган 14 жаштагы Кыялбек жай келер замат керели-кечке талаада иштейт.

Кыялбектин карындашы 12 жаштагы Бегайым да энеси жумушка кетер замат, базарга иштегени жөнөйт. Эки жылдан бери анын китеп-дептер салына турган портфелинин ордун кап жана кутучалар толгон баштык ээлеген. Эселек буга үйүндөгү оор шарттан улам барганын айтып, умсунат.

Бегайым эмитен эле бир үйдүн түйшүгүн моюнуна алган. Ал жумуштан келер замат мектепке жөнөйт. Өзү жакшы көргөн математика сабагына шашат. Апасы жумуштан келгенге чейин бөбөктөрүнө баш-көз болуп, сабак окутат.

"Азаттык+" тарткан кичинекей каармандар тууралуу бул берүүдөн көрсөңүз болот:

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Түйшүккө байланган балалык