Шеримкулов: Иранды Кыргызстандын мал чарбасы кызыктырат

Президенттин жардыгы менен Кыргызстандын Ирандагы элчиси кызматтан жаңы бошогон Медеткан Шеримкулов эки өлкөнүн алака-катышы боюнча ой бөлүштү.
“Азаттык”: Элчи болуп беш жылдан ашык иштептирсиз. Башкы жетишкендигим деп эмнени эсептейсиз? Кыргыз-иран алакаларын кандай бааласа болот?

Шеримкулов: Жетишкен ийгиликтердин бири деп, Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы экономикалык, соода, байланыш, гуманитардык жардам, кыскасы карым-катнаштын баары жаңы деңгээлге көтөрүлдү. Экинчиси, жылдан жылга соода-байланыш деңгээлибиз көтөрүлүп жатат. Мында биздин жакшы мүмкүнчүлүгүбүз бар.

Кийинки эле жылдардын ичинде, апрель революциясынан кийин чет мамлекеттердин ичинен биринчи болуп Кыргызстандын жаңы жетекчилерине чыгып, бул революцияны элдики, элдин ою деп колдоп чыккан Иран республикасынын жетекчилери болду. Апрель окуясынан кийин бир жуманын ичинде бир учак гуманитардык жардамды өзүм алып барып бердим. Бул ирандыктар көрсөткөн жардам болду. Кийин үч чоң машина 60 тонна гуманитардык жардамды Кыргызстанга жөнөттүм.

Ош, 24-июнь, 2010-жыл

Бул жердеги “Эко” деген эл аралык уюмга мен да мүчөмүн, ошол уюм июнь окуясынан кийин Кыргызстанды калыбына келтирүү иштерине 100 миң доллар бөлгөн, аны да алып барып бергем. Иран тарабынан миллион доллар бөлүнүп, ал келишим парламентте ратификация болуп, бул да келди.

Кыргызстандын Ирандагы элчилиги Тегеранда өтө эски үйдө турат. Бул жерге 1996-жылы келгенбиз. Эч бир ремонт болгон эмес, жаман акыбалга келип калган. Мен бир канча жолу Тышкы иштер министрлиги аркылуу өкмөттөн ремонтко деп акча сурадык эле. Бирок, тилекке каршы, каржы жактан мүмкүнчүлүк начар болгондуктан жардам көрсөтө алган жок.

Мен Ирандын президенти, урматтуу Ахмединежад менен, мурунку тышкы иштер министри менен сүлөшүп жатып, биздин элчиликтин ичинин баарын ремонт жасатып алдым. Өздөрү акча бөлүп, өздөрүнүн курулуш бригадасын берип, жасап беришти. Буга 50 миң доллар жумшашты. Мына эми эки жумадан бери имараттын сыртын, короону, эшик-терезесинин баарын алмаштырып ремонт жасап жатышат. Бул деле жок эле дегенде 50-60 миң долларлык жумуш. Бул Иран республикасынын бизге көрсөтүп жаткан урматы.

Махмуд Ахмадинежад

Ирандын президенти өзү баш болуп бизге, биздин элчиликке ушундай жардам берип жатат. Чынын айтканда, бул мага болгон жеке жардамы болчу. Анын ушундай болуп жатканда, Ирандын вице-президенти Бишкекке барганда мага доомат артты дегенге мен эч ишенбейм. Себеби барып келген, анын сөзүн которгон кишилер менен Тышкы иштер министрлиги аркылуу жолугуп жатам. Ирандыктар эч мындай сөз болгон эместигин тастыктап жатат.

“Азаттык”: Эки өлкө дагы кайсы тармактарда кызматташса үзүрлүү болот? Иран Кыргызстанга, Кыргызстан Иранга эмне бере алат?

Шеримкулов: Иранды Кыргызстандын мал чарбасы кызыктырат. Кыргызстандан келген эт Иранда өтө жогору бааланат. Ошондуктан Кыргызстанда бир-эки жерде “адал” деген форма менен Кыргызстандагы эттерди Иранга алып келип сатып жатышат. Ирандыктар Кыргызстанга барып эгин сээп, дагы башка айыл чарба өнүмдөрдү чыгарып жатышат.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 170тен ашык ар түркүн Ирандын фирмасы бар. Алардын 30 пайызы кыргыз-иран биргелешкен фирмалар. Ал эми калгандарынын баары жеке Ирандын фирмалары. Булар Кыргызстандын экономикасын жакшы салым кошуп жатат. Себеби жумушчу орундарды түзүп, салык төлөп жатат.

Иран менен Кыргызстандын ортосундагы карым-катнашты мындан ары да өнүктүрүп өстүрүүгө өтө чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Биз Иранды бир тууган мамлекет катары карашыбыз керек. Анан Иранга карата эл аралык санкциялар, эмбарго, Иран мамлекетинин жетекчилерине айрыкча АКШ, Европа тарабынан айрым бир санкциялар болгондо, Иранды изоляцияга түртүүгө аракет кылганда биз кээде кылчактап калып жатабыз. Ушундайга келгенде Кыргызстан Иран менен мамилесин кылчактабай, эки жакты карабай, Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн карым-катнаштарды, мамилелерди кенен жүргүзө берсе болот деп ойлойм.

“Азаттык”:
Учурда Иранда канча кыргызстандык бар. Алар негизинен эмне менен алектенишет? Бул өлкөдө диний билим алгандар да бар эмеспи. Сиздер алар менен байланышып турасыздарбы?

Шеримкулов: Ооба. Учурда 20га жакын студент Ирандын ар түркүн жогорку окуу жайында окуп жатат. Булардын Кум, Горган деген шаарларында диний окуу жайларда билим алып жаткандар бар. Айрыкча Тегерандын университетинде докторантурада окуп жаткандар бар. Булардын баары менен байланышып турабыз.

Ал эми Ирандын жарандарына турмушка чыккан келиндер бар. Отузга жакын үй-бүлө. Алар Кыргызстандын да паспортун сактап калышкан, ошол эле мезгилде Ирандын мыйзамдарына ылайык, ал жактын да жарандыгын алат. Бул жакта башка жактын жараны Ирандын атуулу менен баш кошсо дароо ирандык жарандык болуп калат. Балдарына да жарандык берилет. Негизинен баарын кошкондо 60-70ке жакын жарандарыбыз бар. Чамалап айтып жатканымдын себеби, алардын арасында кетип жатканы, же келип жатканы да бар.

“Азаттык”: Эми Тегерандан Бишкекке качан келесиз?

Шеримкулов: Кудай буйруса жакында барып калам.