Маликов: Такфиризмди билим менен жеңүү керек

Кадыр Маликов. (Сүрөт К. Маликовдун Фейсбуктагы баракчасынан алынды)

Мусулман же мусулман эместигине карабастан адамдарды кырган экстремисттерди илимпоздор “такфирчилер” деп атап келишет.

Динзар эмес окурманда “такфир” деген эмне, “такфирчилер” кимдер жана алар Кыргызстанда да барбы деген суроо жаралышы ыктымал. Ага жооп берүү үчүн "Азаттык" белгилүү теолог, “Дин, укук жана саясат” борборунун жетекчиси Кадыр Маликов менен маектешти.

Кадыр Маликов: Такфиризм - бул мусулманга каапыр деп өкүм чыгаруу. "Такфирчилер" калимаи шахадатты (Кудайдын бар экенине, Мухаммеддин акыркы пайгамбар экенине ишенген) айткан мусулмандарга "каапыр" деп күнөө тагышат. Тактап айтканда, "такфирчилер" - мусулмандардын ишениминен күмөн санап, "исламды танды" деп жалаа жаап, өз алдынча фатва чыгаргандар.

"Азаттык": "Такфирчилер" качан жана кайда пайда болгон?

Кадыр Маликов: Бул түшүнүктүн кайдан чыкканын иликтесек, өткөнгө кайрылууга туура келет. Мухаммед пайгамбардын орун басарларынын бири, азирети Алинин убагында "Ким халифа, падыша болот?" деген саясий маселе туулган. "Али болсунбу же анын атаандашы Муавия болсунбу?" деген бул талаш-тартыштын натыйжасында мусулмандар үч жамаатка бөлүнүп кеткен. Биринчиси - Алини колдогондор, тагыраак айтканда, азыркы шийи мусулмандары, экинчиси - Алини колдобогондор же азыркы сунниттер. Ал эми үчүнчүсү - жогорудагы эки жамаатка тең кошулбаган харижийлер. Так ошол харижийлер Алини колдогондорду да, колдобогондорду да "каапыр" деп күнөөлөгөн. Ушундан тарта мусулмандарды же өзүлөрүнөн башкаларды "каапыр" деп атаган түшүнүк жашап келет.

"Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун желегин көтөргөн желдет. Алеппо, Сирия.

"Азаттык": Такфиризм азыркы учурда кандай формага ээ?

Кадыр Маликов: Бул идеология пайда болгондон кийин аны менен сахабалар жана илимпоздор катуу күрөш жүргүзүшкөн. Харижийлер пайда болгондон кийин көпкө чейин дайыны чыккан эмес. 17-кылымда, Сауд Арабияда, Мухаммад бин Абдулвахабдын тушунда гана кайрадан баш көтөрүшкөн. Буга Осмон империясын кулатууну көздөгөн геосаясий күрөш шыкак берген. Британия түрктөргө каршы вахабийлерди колдоо аркылуу Осмон империясын кулатууну, Араб жарым аралын бөлүп алууну максат кылган да.

"Азаттык": Демек "такфирчилердин" пайда болушу жана жайылышы геосаясат айынан болгон турбайбы?

Кадыр Маликов: Албетте, Осмон империясына каршы радикал вахабийлерге, башкача айтканда, "такфирчилерге" колдоо көрсөтүлгөн. Алар болсо түрктөрдү таза мусулман эмес деп күнөөлөшкөн. "Түрктөр кофе ичет, тамеки тартат" дешип, аларды өлтүрүү үчүн идеологиялык негиз түзүшкөн.

"Такфирчилердин" жортуулдары жөнүндө аябагандай көп мисалдар бар. Мисалы, “Вахабийлердин Үрдүн урууларына жортуулу” деген китепте "такфирчилердин" мусулман урууларды өлтүрүп, аларды тоноп жана кул кылганы жөнүндө баяндалат. Тагыраак айтканда, "такфирчилер" бирөөгө каапыр деп эн тамга баскандан кийин аны өлтүрүп, мал-мүлкүн тартып алууну адал иш деп эсептешкен.

Сауд Арабияда вахабийликтин мелүүн формасы расмий идеология катары кабыл алынса да, такфиризм жок болбой сакталып калган.

"Азаттык": Такфир идеологиясы азыркы учурда кандайча жайылып жатат?

ИМ тобуна колго түшкөн ирак армиясынын жоокерлери. Кийинчирээк булар мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү маалым болду. 2014-жыл

Кадыр Маликов: Бул идеологиянын жайылышы атайылап, лабораториялык шарттарда жасалды деген күмөнүм бар. Алгач "ал-Каиданын" пайда болушу, саясий исламды жактаган жамааттардын түзүлүшү “Ислам мамлекети” деген экстремисттик уюмдун пайда болушуна алып келди.

Бирок өздөрүнөн башкаларды каапырга чыгарып, адамдарды өлтүргөнү үчүн “Ислам мамлекети” тобун "ал-Каида" сыяктуу террористтик уюмдар да күнөөлөп жатышат. Себеби, мурда айтып өткөндөй, харижийлер чоң күнөө кылгандарды "каапыр" деп эсептесе, “Ислам мамлекети” уюму болбогон шылтоолорду бетке кармап, мусулмандарды каапырга чыгарып, канын суудай төгүүдө. Кызыгы бул террористтер өздөрү менен чогуу согушуп жүргөн адамдарды да "каапыр" деп күнөөлөп, өлтүргөн учурлары кездешет. Андыктан такфир идеологиясы, 21-кылымда Ирак менен Сириянын аймагында “Ислам мамлекети” уюму аркылуу өсүп жетилгенин көрсөтөт.

"Азаттык": Жогоруда геосаясий күчтөр жөнүндө айтпадыңызбы. "Такфирчилерди" азыр андай күчтөр кантип колдонуп жатышат?

Кадыр Маликов: Жалпысынан "такфирчилерди" эки максатта колдонушууда. Биринчиси - такфиризм аркылуу мусулмандардын биримдигин бузуу, жамааттарга, агымдарга бөлүү, бири-бири менен уруштуруу. Экинчиси - исламды жаманатты кылуу. Мисалы, “Ислам мамлекети” деген уюм адамдарды өлтүрүп жатканда сүрөткө, видеого тартып, интернетке чыгарууда. Бул исламга карасанатайлык кылуу, көө жабуу болуп эсептелет.

"Азаттык": Кыргызстанда такфир идеологиясы барбы?

Кадыр Маликов: Ачык түрдө бар деп айта албайм. Бирок биздин мусулмандардын арасында аз да болсо "такфирчи" жамааттар, кишилер бар.

Негизинен вахабизм такфир идеологиясына өтө жакын. Себеби, анын негизинде, тарыхында такфиризмдин өзөгү жатат. Азыркы учурда Сауд Арабиясындагы диний түшүнүк мелүүн деп аталса да, алардын түпкүрүндө мындай түшүнүк жашайт. Кызыгы, вахабийликтин жайылышына Британия да, Америка да тоскоолдук кылбай жатат. Ал эми вахабийликтин такфиризмден айырмасы бир эле кадам.

"Азаттык": Такфиризм идеологиясына жаштар кандайча азгырылып жатышат? Аларга бул көз караш эмнеси менен кызык?

Жума намазга барган өспүрүмдөр

Кадыр Маликов: Башта айткандай такфиризм - бул каршылык көрсөтүү. Бул жамаат абройлуу деген бардык уюмдарга жана институттарга каршы болуусу менен өзгөчөлөнөт. Азыркы учурда жашоонун маңызын издеген, коррупцияга чулганган саясий бийликке ишенбеген жаштарга бул нерсе кызык көрүнүшү мүмкүн. Моралдык-этикалык баалуулуктардын кризиси өкүм сүргөн ушул доордо бардык нерсени тануу, өзүнүн дүйнөсүн өзү куруу идеясы жаштарды кызыктырууда. Ар бир жаш адам кандайдыр бир чоң долбоордун ичинде болууну каалайт эмеспи.

"Азаттык": Такфиризм коркунучунун кантип алдын алууга болот? Ага каршы кантип күрөшүү керек?

Кадыр Маликов: Аларга каршы жалгыз гана күч менен күрөшүү ийгилик алып келбейт. Харижийлерди мусулмандар кандай жеңгенин карап көрөлү. Аларды пикир, идеология, үгүт-насаат жана илим менен жеңүүгө болот. Бул максатка жетүү үчүн Кыргызстанга аябай күчтүү илимпоздор, хадис таануучулар, “калам” илими менен алек болгон аалымдар керек.

"Такфирчилерди" өз ынанымынан баш тарттыруу өтө кыйын. Андыктан колдон келсе, жаштардын бул идеологияга сугарылуусуна бут тосуу гана керек.

"Азаттык": Азыркы учурда Муфтияттын такфиризм менен күрөшүүгө кудурети жетеби?

Кадыр Маликов: Ачык эле айтуу керек, азыр Муфтияттын андай күчү жок. Күчтүү кадрлар аз, материалдык- финансылык мүмкүнчүлүгү чектелген. Кадрларды он жыл мурда даярдап баштоо керек эле. Бирок азыр деле кеч эмес. Исламдын салттуу түшүнүгүн тутунган өлкөлөр менен мамиле түзүп, жаштарды окутуу гана керек.

Чындыгында бизде көптөгөн жаштар медреселерди, ислам институттарын бүтүрүштү. Бирок алар каякта? Бүтүрүүчүлөрдүн Казыят, Муфтият жана мамлекеттик органдарда иштөөсүнө мүмкүнчүлүк түзө тургандай деңгээлде билим берилбейт жана алар жумуш менен камсыз болгон эмес.