Исаков: кошоматчылык бийликти бузат

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Отуз жылга чукул чоң саясатта жүргөн армиянын генерал-лейтенанты, мурдагы коргоо министри, коопсуздук кеңешинин катчысы, Жогорку Кеңештин бир нече чакырылышынын депутаты Исмаил Исаков өзү кезинде кызматташкан Аскар Акаев, Курманбек Бакиев жана Алмазбек Атамбаевдин бийлигинин негизги кемчиликтери тууралуу кеп салды.
Отуз жылга чукул чоң саясатта жүргөн армиянын генерал-лейтенанты, мурдагы коргоо министри, коопсуздук кеңешинин катчысы, Жогорку Кеңештин бир нече чакырылышынын депутаты Исмаил Исаков өзү кезинде кызматташкан Аскар Акаев, Курманбек Бакиев жана Алмазбек Атамбаевдин бийлигинин негизги кемчиликтери тууралуу кеп салды. Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда анын үй-бүлөлүк кландык башкаруусуна макул эместигин билдирип, кызматтан кеткен Исмаил Исаков жалган жалаа менен камалып, соттолгон. 2010-жылы 7-апрелде эркиндикке чыккан Исмаил Исаков Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү болуп туруп, ошол кездеги өлкөнүн түштүк аймагындагы май-июнь окуяларын өз учурунда басып, кырдаалды жөнгө салууга аракет кылган. Ал ошол кездеги саясий биримдикти көргөзүү үчүн парламенттик шайлоого экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын (КСДП) тизмеси менен барып, депутат болгон. Бирок анын Атамбаев менен тилектештиги көп созулган эмес. Исмаил Исаков өлкөдөгү олуттуу көйгөйлөрдү көтөрүп чыгып, мурдагы коррупциялык-кландык режимдердин былык иштерин мурастаган Алмазбек Атамбаевдин бийлиги менен дагы кош айтышкан. Исмаил Исаков "кошоматчылар ороп алган, уурулардын туткунунда турган бийлик эч убакта элдин мүдөөсүн аткара албайт" деп эсептейт. Ошондуктан генерал мырза азыркы бийликтеги жетекчилер да өткөндөн сабак алууга тийиш экенин эскертти.