Жоокер өз жанын өзү кыйганбы?

  • Ырысбай Абдыраимов

Абдимажит уулу Пазылдын сүрөтүн кармаган анын бир тууган эжеси Элмира Чынтемирова

Жалал-Абаддын Шамалдуу-Сай шаарчасындагы аскер бөлүктүн жоокери Абдымажит уулу Пазылдын өлүмү бул чөлкөмдө жандуу талкууну жаратууда.
Абдымажит уулу Пазыл аскерге өткөн жылдын ноябрь айында чакырылган. Бир тууган эжеси Элмира Чынтемирова анын мүнөзү жоош жана армияга кеткенге чейин оорубаганын айтууда.

Шамалдуу-Сай шаарчасындагы чек ара отрядында кызмат өтөп жүргөн Пазылдын 21-марттын кечинде өз жанын өзү кыйганы тууралуу кабар үйүндөгүлөрдү тополоңго салды. Бирок Элмира айым инисинин өз жанын өзү кыйды дегенине ишенбей, бул окуяны ар тараптан иликтөөнү өтүндү.

Анын айтымында, көзү тирүү чагында иниси “акча салгыла” деп, бир нече мобилдик телефондордун номурларын берген экен. Инисинин муунуп өлгөнүнөн күмөн санаган Элмира Чынтемирова Пазылдын денесинде уруп-согуунун белгилери бар деп ырастап жатат:
Бөлүктөрдөгү нөөмөтчүлөр, роталардагы нөөмөтчүлөр болуп, алардын баары жоокерлерди карап турушат. Ошолор анан кантип эле жаш жоокерлерди алардан чоң жоокерлерге урдуртуп койсун?

- Иним 22 жашка чыккан. Муну “өзүн өзү асып алды, өпкөсү кесел” деп чыгарыптыр. Өпкө кесел болсо, анда эмне аскерге алышат? Биздин уругубузда өпкө кеселдүү инсан жок болчу. Альтернативалык кызматка калтыргыла дегенбиз, үйдөн алып кетишкен. Асынып өлсө, мойнунан асылыш керек эле, бул болсо акырегинен асылган.

Денесинде тактары бар, "башы көлкүлдөп турган, ошону шприц менен сордуртуп алган” деп апам айтып атат. Башына доо кеткен. Чоңдордон суранарыбыз, ошол өлтүргөн баланы тапкыла. Ошол единица салдырган. Бутунун башына ийне сайылган, канга окшоп уюп турат. Телефон талап кылган экен, апам телефон алып берген.


Абдымажит уулу Пазыл армияга Базар-Коргон райондук аскер комиссариаты тарабынан мыйзамга ылайык чакыртылган. Аскер комиссариаттын чакыруу бөлүмүнүн башчысы Советбек Жаркынов “армия катарын толтуруу планы үчүн аскер жашындагы уландар кайсы жерде кармалса, ошо жерден алынат экен”, - деген Аук айылындагы аңыз кептерди четке какты:

- Түн жарымда, саат он экилерде алып кетет деген бизде болгон эмес. Медициналык текшерүүдөн өткөндөн кийин аскерге жөнөткөнбүз, заарасы, каны, өпкөсү, жүрөгү текшерилген.

Окуя тизмеги

"Азаттыктын" кабарчысы окуяга катышы бар адамдын баары менен баарлашып, каргашанын кандай өткөнүн колдон келишинче катары менен тизип чыкканга аракеттенди.

Күн дигерде Пазылдын аскер бөлүктүн ашпозчусу менен “оо, бүгүн Нооруздун сый тамагын көрөт турбайбызбы!” деп, тамашалай сүйлөшкөнүн отряддын саркеринин саясий иштер боюнча орун басары Сагын Салиев айтып берди.

Сагын Салиев Абдимажит уулу Пазылдын жансыз денеси каерде табылган көрсөтүп жатат.

Кечки катарга тизилип, жоокерлердин бар-жогун тактоо маалында чек арачылардын бири ажаткананын терезеси жок тешигинен асылып калган адамды байкап калат. Ал кабар боюнча ажатканага дароо Пазылдан армияга мурда келишкен жоокерлер Бейшенбек уулу Жаныбек менен Дамир Жандосов жетип барышат. Экөөлөп Пазылды асылган жерден түшүрүп, дем алдыруу үчүн медициналык алгачкы жардам көрсөтүшөт.

Жаныбек өзү сыяктуу жоокерлердин көбүндө мобилдик телефон болбогонун, бирок Пазылга анын энеси 11-мартта телефон алып келгенин билдирди. “Ал эмнегедир ойлуу жүрчү. Жашы бизден улуу болгон үчүн Пазылды жоокерлер сыйлашчу. Ал өзү менен өзү болуп, башкалардын да аны менен жумушу болчу эмес. Биздин телефонубуз болбогон соң, ага "акча сал" деп кантип айтмак элек?”, - деди Бейшенбек уулу Жаныбек:

- Бизди нөөмөтчү катарга тизип, бир баланы "Абдимажит уулу Пазылды чакырып кел" деп жөнөттү. Анан ал ажаткана тараптан "асынып алыптыр" деп кыйкырды. Баарыбыз жүгүрүп барып карасак ал асынып туруптур. Мен дубалга чыгып, чечип түштүм. Анан мындай алып чыгып, дем алдырууга аракет кылсак, денеси муздап калыптыр. Өзүнүн белге таккан курун эле мойнуна салып, бир учун рейкага байлап, асынып алган. Биз менен көп сүйлөшчү эмес, түнтүрөөк бала эле. Өзүнүн аялы, бир кызы бар экен. Единица салдырып, ошону менен сүйлөшчү экен.

Дагы бир жоокер Дамир Жандосов офицерлер жатаканада жокто деле жоокерлер ынтымактуу жүрүшкөнүн айтат:

- Башында эч кандай деле белги, шишик деле жок болчу. Бизден эки жаш улуу болгон үчүн ага эч ким деле сүйлөчү эмес. Анча-мынча сүйлөшүп калганда, "эмне болуп атасың" деп сурасак, "бөйрөгүм ооруп атат" деп, медсанчасттан дары алып ичип жүргөн. Бизди, аскерге мурда келгендерди өзүнчө, кийин келгендерди бир башка кылып бөлүп коюшкан.

Күйүтү күч эне

Ишке жараган уулунан ажырап, эми өзүнчө үй-бүлөлүү бир кызы жана эки уулу менен калган Замира Акимованын күйүтү күч. Күйөөсүнөн эрте ажыраган аял төрт баласын базарда кара жанын карч ура иштеп жүрүп чоңойткон экен. Ал улуу баласы аскерге барып, ант алганга чейин, андан кийин да аскерге өзүнөн мурда чакырылгандар тарабынан токмоктолгон деп эсептейт. Ошондуктан Жалал-Абадда жасалган соттук-медициналык текшерүүгө канааттанбай, баласынын денесин кайра текшерүүнү өтүнгөн.

Замира Акимованын өтүнүчү менен экинчи текшерүү 23-мартта Базар-Коргон райондук ооруканасында өткөн. Ал текшерүүнүн кыйла убакыттан кийин чыгарыла турган жыйынтыгына, кургак учуктун белгилери бардыгына да ишенбей турат:

- Кагылайын балам ай! Тирүү кезде кор болгон, жетимимди кордоду ай! Бул кандай жакшылык болсун?! Балам сабалган. Мен балам асылып өлө турган бала эмес болчу. Баламды муунтуп койгон. "Апа, ажатканага барсак, кайдан-жайдан пайда болуп, келип калат, билбейм, урганда эки бала катуу жыгылып калдык. Аз калды. Алар апрелде кетип калышат”, - деди. Баргандан баштап айтып жүрдүм, "бирөөнүн баласын урба", - деп.

Соттук-медициналык текшерүүлөргө Пазылдын туугандары менен аскер бөлүктүн өкүлдөрү, окуя боюнча кылмыш ишин тергеп жаткан Жалал-Абад аскер гарнизонунун прокурору менен тергөөчүлөрү, бир топ дарыгерлер катышкан. Кийинки текшерүү да алгачкы жолку жыйынтык менен бирдей чыгып, эжеси Элмира айткандай, жоокердин бутуна ийне сайылганы, уруп-согуунун белгилери ырасталган эмес. Акыркы жыйынтык Бишкектеги лабораториялык текшерүүдөн соң билинет.

Аскер бөлүктүн медициналык кызматынын зардалы Абдуразак Сотимкуловдун айтканына караганда, Абдимажит уулу Пазыл ушул жылдын 2-февралынан тартып, 18-мартка чейин жыныстык жана ич оорулары, дем алуусу кыйындаганы боюнча бөлүктүн медициналык кызматында жана Шамалдуу-Сай шаарча ооруканасында дарыланып чыккан:

- Кайрадан ошол жерлерин карашты, бармак-баштарын көрүштү. Өпкөсүн кесип көрүштү. Өпкөсү кышында шамалдап калган эле, быйыл суук кандай болду, билесиз да. Анан мен бул бала кыйналып калбасын деп, Шамалдуу-Сай ооруканасынын терапия бөлүмүнө жаткырганда сегиз күн дарыланып, айыгып, жакшы болуп калган эле. "Мурда бронху шамалдап, дарыланган экен, бирок абалы жакшы болгон экен", - деп кечээ күнкү экспертизада дагы тастыкталды. Сырт жактан кандайдыр сокку болуп өлгөнү аныкталган жок.

Баланын аталаш тууганы Төлөгөн Калботоев соттук-медициналык текшерүүгө катышкан. Ал Пазылдын жансыз денеси алгач көргөндө кандай абалда экендигин сүрөттөп берди:

- Жамбашында тырмалган жери бар. Бирок ал эски, жаңы эмес. Ал жерде жаңыдан эч нерсе байкалбады. Акырегинде белги бар, көгөрүп турат. Көгөргөн жерин көрбөдүм. Анан жарышты. Эмнеден өлгөнү тууралуу эксперттен сурасам "муну биз Бишкекке жиберебиз, жыйынтыгы бир жумадан кийин чыгат. Ошого карап, анан териштире баштайбыз", - деди.

Жоокерди Базар-Коргон районундагы Аук айылында акыркы сапарга узатуу зыйнатына аскер бөлүктүн саркери, полковник Нурлан Сатиндиев баш болгон өкүлдөрү да катышты.

Бөлүктө аскерге мурда келген 16, кийин чакырылган дагы 16 жоокер кызмат өтөйт. Андан сырткары көмөкчү кызматтарда иштеген адамдарды кошпогондо 33 офицер бар. Алар жоокерлердин өз ара жасаган мамилесин толук көзөмөлдөй турганын айтышты. Түнкүсүн да жооптуу 5-6 офицер жатаканада калат.

Саркер Нурлан Сатиндиев жоокердин эмне үчүн жанын кыйганы эми тергөөнүн жүрүшүндө аныкталаарын жана айрым телеканалдар расмий маалыматтарсыз окуяны изилдебей, бир жактуу чагылдырып, армия тууралуу бир жактуу пикир жаратканына капа болду:

- Соттук-медициналык экспертиза “бул бала күчтөп өлтүрүлгөн” деп айткан жок. Бул биз үчүн да чоң жоготуу. Өзүн өзү асынганы тууралуу азыр тергөө жүрүп жатат, тергөөнүн жүрүшүндө эмне себептен жанын кыйганы аныкталат. Ажиматов Пазыл буга чейин үч жолу ооруп, ооруканага жаткан, кызматын жакшы өтөп аткан. Офицерлер үйлөрүнө кеткенден кийин бул бөлүктө саркердин бир орун басары башкарган аскер бөлүктүн нөөмөттөгү офицери болот. Бөлүктөрдөгү нөөмөтчүлөр, роталардагы нөөмөтчүлөр болуп, алардын баары жоокерлерди карап турушат. Ошолор анан кантип эле жаш жоокерлерди алардан чоң жоокерлерге урдуртуп койсун?

Шамалдуу-Сайдагы чек ара аскер бөлүгүндө жанын кыйган жоокердин өлүмү боюнча Жалал-Абад гарнизонунун Аскер прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, тергөө жүрүүдө.