Кара-Кече: кезек күтүп кезерген айдоочулар

Кара-Кече кенинде кезек күткөн автоунаалар. 19-ноябрь, 2021-жыл. 

"Көмүрдүн бир тоннасын Бишкекте 3000 сомдон сатам" деген айдоочулар кенге кезексиз кирип жатат. 

Кара-Кече кенинде учурда бир гана карьер толук кандуу иштеп жатканына күбө болдук.  

"Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасындагы жетекчилердин алмашуусунан улам карьер убагында тазаланбай, көмүр казуу иши бир ай кечигип башталган. Учурда дагы улам тазалоо иштери жүрүп жатат.  

Аймактарга өз алдынча көмүр сатып иштегендер бир жумадай кезекте турууга туура келүүдө. 

Бир жумадан бери азык-түлүгү түгөнгөн айдоочулар кара чай, нан менен жан сакташууда. 

Көмүргө кезек менен кирүүдө башаламандык болбошу үчүн быйыл атайын кызматтын "Альфа" бөлүгүнүн жоокерлери да тартылган. Айдоочулар криминал жоюлганын айтып жатышат. 

Бишкекте тоннасын 3000 сомдон сатууга көмүр ташыган машинелердин тизмеси карьердин коопсуздук кызматына берилген. Коопсуздук кызматы ошол тизме менен киргизет. 

Автоунаалар кирип-чыгып баратканда таразага түшөт. Камаздарга 15-16 тонна жүктөлсө, Хового 25 тоннага чейин батат. 

Карандай суукта жылынып жаткан айдоочу. 

Көмүр казуу иши үзгүлтүккө учурабашы үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин техникалары тартылды. 

"Жол азабы, көр азабы" дегендей жолдун начардыгынан чон машинелердин дөңгөлөгү көп жарылып, айдоочулар кошумча чыгым тартышат. 

Өлкөдөгү ири көмүр казуучу Кара-Кече кенинде 400 миллион тоннадан ашык кара алтын уюп жатат.

Суроо-талап кызматты пайда кылат. Кезекте турган айдоочуларга тамак ташып саткандар бар. 

Айдоочулардын бир каттамдан тапкан акчасын так эсептөө кыйын. Кирешеси автоунаасына, кайсы аймакка ташыганына, кезекте турганына жараша 15-20 миң сомдон 60-70 миң сомго чейин чыгышы мүмкүн. 

Айрым адисттер акыркы учурда көмүр экологиялык талаптар сакталбай казылып жатканын айтып келишет. 

"Азаттык" радиосунун кабарчысы Кара-Кече көмүр кенине барып, кырдаалды өз көзү менен көрүп келди.