Чек арачы жетекчилерин аткезчиликке айыптады

Кыргыз-казак чек арасы

Чек ара кызматынын "Актилек" көзөмөл-өткөрмө бекетинин мурдагы башчысы Талгат Аланов Казакстандан ташылып келе жаткан 40 тонна кара майды киргизбей койгондон кийин кызматтан алынганын айтып чыкты.

Ал 8-февралда Бишкекте маалымат жыйынын куруп, жетекчилигинин чечимин "мыйзамсыз" деп сыпаттады. Чек ара кызматы бул айтылгандарды четке кагууда.

Агынан жарылган чек арачы

Кыргыз-казак чек арасындагы "Актилек" көзөмөл-өткөрмө бекетинин мурдагы башчысы Талгат Аланов үч ай аралыгында кара май ташуу боюнча төрт фактыны аныктоого жетишкенин, буга чейин андай бир да иш жасалбаганын билдирип чыкты.

Учак жүгүнүн чиеленген түйүнү

Учак жүгүнүн чиеленген түйүнү

Түркиялык MyСargо авиакомпаниясынын жетекчи орун басары Хамза Тыглай кыйраган учак “Манас” аба майданына жүк таштоого эмес, май куюп, экипажды алмаштырууга келгенин билдирди.

Аланов бул орунда былтыр ноябрдан тарта иштеп келген. 26-январда Казакстандан ташылып келаткан 40 тонна кара майды киргизбей коер замат иштен алынганын айтууда:

- Мен 18-20 саат иштеп, мыйзамсыз жүктөрдү кармап, тиешелүү органдарга өткөрүп бергем. Кызматымдан бошогонго чейин Чек ара кызматынын Өздүк коопсуздук бөлүмүнүн башчысы, полковник Асылбеков чакырып, "ай, жолдош майор, сиз постко жатып иштеп, баарын өзүңүз көзөмөлдөп жатыпсыз. Андан көрө көп нерсеге аралашпай, үйгө барып иштей бериңиз. Сиздин биринчи милдетиңиз чек арадан мыйзамсыз өткөн адамдарды жана тыюу салынган курал-жарактарды кармоо. Мындай жүктөргө аралашпаңыз" деп айтты.

Талгат Аланов жетекчиликтин кадамын мыйзамсыз деп эсептеп, президент баштаган бийлик өкүлдөрүнө ачык кайрылуу жолдоп, мекемедеги алешемдиктерди иретке келтирүүнү суранды:

- Азыр деле мыйзамсыз жүктөрдү киргизип жүргөн жаран менин үстүмдөн Мамлекеттик чек ара кызматынын Өздүк коопсуздук бөлүмүнө арыз жазган. Ал арыз боюнча мен жөнүндө эч кандай аныкталган, далилденген фактылар жок. Кызматтан алынышым негизсиз. Анткени, бул нерсе мыйзамсыз жүк өткөрүүгө кызыкдар адамдар үчүн ыңгайлуу болду деп билдирем.

Талгат Аланов.

Чек ара кызматы дооматты четке какты

Бул маалымат жыйындан кийин Чек ара кызматы Алановдун айткандарын четке каккан билдирүү таратты. Анда былтыр 17-декабрда Казакстандан мыйзамсыз ташылып келаткан кара майды Кыргызстанга киргизүүгө уруксат берүү үчүн Аланов жетектеген чек арачылар тобу жүк ташуучуну опузалап, пара алганы айтылат:

- Алановдун кол астындагылар анын атынан сүйлөп, пара талап кылган. Кызматтык иликтөөнүн материалдарында чек арачылардын мыйзамсыз аракеттери жана пара алынганы тууралуу аудиожазуу бар, - деп билдирген Чек ара кызматынын басма сөз кызматкери Сажира Чоколоева параны Аланов алганы тууралуу так далил жок экенин, окуя боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатканын кошумчалады.

Чек арачылардын аткезчиликке аралашканы коомдо ачык да, тымызын да айтылып жүрөт. Эки жыл мурун Казакстандан жашыруун жол аркылуу өткөрүлүп жүргөн кара май аткезчилиги аныкталып, кыргыз-казак чек арасындагы Чүй суусунун алдына узундугу 1500 метр, диаметри 50 миллиметрди түзгөн атайын шланг төшөлүп, күйүүчү май өткөрүлүп келгени ачыкка чыккан. Чек ара маселелери боюнча адис Саламат Аламанов бул тармакта адам фактору роль ойноп жатканын “Азаттык” радиосуна билдирди:

- Ар бир адам өзүнө тагылган кызматтык милдеттерди өз эрежеси менен аткарса, мындай болбойт эле. Демек, ошол жердеги кызматкерлерди туура тандап, талапты туура коюш керек. Эң төмөнкүсүнөн эң жогорку кызматкерлерге чейин.

Кыргыз-өзбек чек арасы. "Достук" бекети.

Ал эми экономист Эркин Абдразаков Алановдун жетекчиликтин дарегине карата айткандарын куру доомат катары мүнөздөйт. Ал чек арадагы көзөмөл-өткөрүү бекеттери “майлуу орундардын” бири экенин айтып, Алановдун билдирүүсүн мындай кызматтан кол жууп калганына чычалоо катары сыпаттады:

- Бир кишинин "менин эмгегим, мен ага каршы күрөштүм" деп айтканы туура эмес. Булар системага айланып калган. Өзүнүн жанындагы кишилер ошого "табакташ болуп, көнүп калган" деген сөз элде айтылып келет. Май ташып келген айдоочулар менен сүйлөшсөңүз же чек арага жакын жайгашкан айылдардын жашоочулары деле бир топ арызданып жүрүшөт. Чек араны башка эч ким көзөмөлдөбөстөн, жалгыз ушулар гана калбадыбы. Ошол себептүү бул өңдүү окуялар чыгууда.

Ошол эле маалда коопсуздук боюнча эксперт, мурдагы чекист Талант Разаков Кыргызстанда көзөмөл-өткөрүү бекетинин башчысы болуп турган чек арачы жетекчилерин ачык күнөөлөп чыгышы биринчи жолу болуп жатканына токтолду. Мындан улам өлкөдөгү бардык бекеттердин иши кылдат текшерүүнү укук коргоо органдарына сунуштады:

- Алгачкы жолу айтылып жатат. Муну абдан катуу текшерүү керек. Бул өтө чоң маселе. Эгер, ошондой боло турган болсо, мамлекеттен жашырып сол чөнтөккө салган фактылар орун алып жатыптыр да.

Чек ара кызматынын билдиришинче, аткезчилик боюнча Алановдун ысымы аталган аудио далилдер Аскер прокуратурасына өткөрүлүп берилди. Эгерде бул ишке анын катышы жоктугу аныкталса, мекемеде иштөөнү улантат.

Негизи эле Кыргызстанда айрыкча кара май аткезчилиги күч экени белгилүү. Жергиликтүү ишкерлер буга чейин мунайды мыйзамсыз ташуудан мамлекеттик казынага салык жана башка төлөм түрүндө бир миллиард сомдой каражат түшпөй каларын айтып чыгышкан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.