Карасуулук “койчунун” баяны

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жаш жазуучу Марлэн Матназаровдун балдар үчүн жазган жомоктору, аңгемелери англис жана кыргыз тилдеринде жарык көрдү. Аталган китеп “Кара-Суудагы койчумандын он эки баяны” деп аталат. Автор китепте негизинен өзүнүн тагдыры, Москвада өткөн балалыгы, Ош облусунун Кара-Суу районунда кой кайтарып жүргөн кези, өспүрүм чагынан чыгармачылыкка дит коюп, тил үйрөнүп, чет элдик бир нече долбоорлорго катышып келгенин көркөм тилде баяндаган.