Казино ордун лотерея басты

Кыргызстанда кумар бизнесине 2012-жылы тыюу салынган. Бирок кумарпоздукка алдырган жарандардын жакындары маселе дагы деле чечилбей келатканын айтышат.

Тыюу салынган казинолордун ордуна кандай кумар оюндары пайда болду? Дароо ойнотулуучу лотереяларды кумар оюну десе болобу? Кумарпоздукка алдырган жаштарга кантип жардам бериш керек? “Азаттык+” берүүсүнүн кезектеги чыгарылышы кумарпоздук темасына арналды.

Айбек 17 жашынан баштап кумар оюндарын ойноп, белчесинен карызга баткан. Ал бул жолго кантип түшүп калганын билбейт. Казинолорго тыюу салынганы ал лотерея ойноп, бир топ акчасын уттурду.

Айбектикиндей тагдырды баштан кечирип жаткандардын жакындары учурда интернет оюндары, дароо ойнотулуучу лотереялар мурунку кумарканалардын ордун басты деп нааразы. Алар дароо ойнотулуучу лотереяларга тыюу салынуусун талап кылышууда.

Бишкектеги лотереялардын иши кечки саат сегиз-тогузда кызый баштайт. Ошону менен оюнга берилгендердин аягы таңга жуук суюлат.

Кыргызстандын мыйзамдары боюнча лотерея кумар оюну деп саналбайт. Мындай жайлар Бишкектин бир топ жеринде ачылган. Булардын тираждык лотереядан айырмасы - утуш ошол замат берилет жана электрондук терминалдар аркылуу ойнотулат.

Адистер балдарды кичинесинен эле тарбиялап, кумарпоздуктун кесепети кандай болоорун түшүндүрүү зарылдыгын белгилешет. "Адамды кумарпоздук торунан сууруп чыгуу оңой эмес", - дешет алар.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Казино ордун лотерея басты