Жибек жолунда жөө күлүктөр жарышты

10 чакырымды багынткан сулуу.

Жөө күлүктөрдүн жарышы Чолпон-Ата шаарынын ат майданынан башталды.

Марафонго 27 өлкөдөн 3 миңге чукул киши катышты.

Катышуучулар 42 чакырым 195 метр, 21 чакырым 97 метр (жарым марафон), 10 жана 3 чакырым аралыктарда жарышты.

Чолпон-Ата шаарындагы ат майдан.

Мелдешке даярдык.

42 км. 195 метр аралыкка чуркоодо аялдардан Дарья Маслова мерчемделген аралыкты 2 саат 41 мүнөт 36 секундада чуркап өтүп, марага биринчи келди.

Эркектерден 42 чакырымды Адилет Кыштакбеков 2 саат 26 мүнөт 20 секундада биринчи болуп багынтты.

Адилет Кыштообеков жеңишин майрамдап жатат.

Марафонго 27 өлкөдөн 3 миңге чукул киши катышты.

Мара сызыгы.

Эркектерден баш байгени кыргыз спортчусу Адилет Кыштакбеков утса, экинчи жана үчүнчү орундарды өзбекстандык марафончулар Шахрух Давлятов жана Андрей Петров ээлешти.

Жол боюндагы көрүүчү.

Марафончудан интервью.

Жөө күлүктөр Чолпон-Ата шаарынын ат майданынан Корумду айылына чейин чуркашты.

Аялдардан 42 км. 195 метр аралыкка чуркоодо Дарья Маслова алтын медаль тагынса,  экинчи орунду кыргызстандык Юлия Андреева, үчүнчү орунду кытайлык спортчу Пун Ынли алды.

Ысык-Көл марафонунун максаты - дени сак жашоону пропагандалоо, ШКУнун мүчө-мамлекеттеринин кызматташтыгын бекемдөө, эл аралык достукту, спорттук байланышты жана туризмди өнүктүрүү.

Марафонду Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги, Улуттук олимпиада комитети, Жеңил атлетика федерациясы жана «Эл аралык марафон боюнча дирекциясы» коомдук уюму уюштурду. Жалпы байге фонду 2 млн. 790 миң сомду түзөт. 

Байгеге жеткен жигиттер.

Ысык-Көлдө "Run the Silk road" марафону өттү.