Элет көзүнөн учкан төрөткана

Иллюстрация

Кыргызстандын аймактарындагы төрөтканаларды кыскартып, ирилештирүү жараяны төрөт курагындагы элеттик энелердин өмүрүнө коркунуч жаратып, жакындарын оор түйшүккө салууда.

Эксперттердин баамында, Саламаттык сактоо министрлигиндеги реформа тиешелүү адистердин жана каражаттын тартыштыгынан жасалып жаткан аргасыз кадам. Ош облусунун алыскы аймактарында түзүлгөн мындай көйгөй тууралуу кепти аймактык кабарчыбыз Ыдырыс Исаков улайт.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Төрөткана санын кыскартуунун оош-кыйышы

Чек ара тилкесинде жайгашкан Базар-Коргон районунун Дүкүр жана Чек айылдарында айы-күнүнө жеткен энелер төрөтканага жетпей, жолдо төрөгөн учурлар кадыресе көрүнүшкө айланып баратат. Буга аймактык төрөткананын эки жыл мурда жабылып, фельдшердик-акушердик пунктта тиешелүү адистин жоктугу себепкер. Бул багытта Жалал-Абаддагы кабарчыбыз Руслан Калматов сөз кылат.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жалал-Абад: жолдо төрөгөн энелер көбөйдү


Кыргызстандын төрөтканаларында адистер тартыш болуп жатканда

Орусияга ооп кетип жаткан дарыгерлер четтен табылат. Өз алдынча же атайын келишим менен кеткен жоон топ акушер-гинекологдордун алды Москва өңдүү ири шаарларда медициналык борборлорду ачып, жакшы шартта, канааттандырарлык айлык алып иштеп жатканы айтылып келет. Орусияда эмгектенген кыргызстандык акушер-гинекологдорду Москвадагы кабарчыбыз Лазат Жаныбек кызы кепке тартты.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Орусияга кеткен умайлар


Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстандагы жогорку жана атайын кесиптик окуу жайлары жылына миңдеген акушер-гинеколог адистерди даярдап чыгарышат. Жүздөгөн жаштарды бекер окутканы менен, мамлекет кийин аларды кармап кала албай жатат. Анын айынан медицина тармагында өксүк көбөйбөсө да азайбай келатат. Айгерим Жаныкул кененирээк айтып бермекчи.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Мамлекет кармап калбаган медиктер

Төрөтканаларды ирилештирип, топтоштуруу жараяндарына Саламаттык сактоо министрлигинин өз жообу бар. “Азаттыктын” бул багыттагы суроолоруна аталган министрликтин башкы адиси Айгүл Бообекова жооп берди. Аны кабарчыбыз Бактыгүл Чыныбаева кепке тартты.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бообекова: Төрөткө кепилдик берүү кыйын