Алыстагы мигранттар каерде добуш беришет?

Бишкек четинде жайгашкан Байтик айылындагы добуш берүү, 10-октябрь 2011-жыл

Мигранттар шайлоо жөнүндө жаңы мыйзам сырттагы кыргыз жарандарынын укугун басмырлайт деп нааразы.
Мигранттардын укугун коргогон “Замандаш” ассоциациясы президенттик шайлоодо чет өлкөлөрдө шайлоо бекеттеринин саны кыскарганын сынга алууда.
Боршайком болсо чет жакта кошумча шайлоо бекеттерин ачууга мыйзам жол бербей турганын билдирүүдө.


Мигранттардын көбү добуш бере албай калышы мүмкүн


Кыргызстандык Закир Сариев учурда Орусиянын Казан шаарында иштеп жүрөт. Ал алдыдагы президенттик шайлоого Казандагы кеминде 5 миңдей кыргызстандыктардын көбү катыша албай калышы мүмкүн деп эсептейт. Бул жолу Орусияда шайлоо бекеттери элчилик жана консулдуктар жайгашкан шаарларда гана ачылып, Казанда ачылбай турган болду:


Москвадагы кыргыз мигранттар


- Мисалы менин Москвага, Свердловкийге барып добуш бергенге мүмкүнчүлүгүм бар. Бирок башкалар бара албайт да. 99 пайызы бара албайт. Ошондо көпчүлүктүн ою эске алынбай калып жатат. Кыргызстандын жарандары кайсы жерде жүрсө дагы, өзгөчө ири шаарларда жүргөндөргө менин оюмча мүмкүнчүлүк берилиши керек. Алар өздөрүнүн Конституциялык укугун колдонуш керек.

“Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” жаңы мыйзамга ылайык, шайлоо учурунда чет өлкөдө Кыргызстандын элчилиги жана консулдуктарында гана шайлоо участкалары ачылат.

Ал эми Кыргызстандын элчилиги жок шаарда жашаган жарандар же мекенине келип, же жакын жайгашкан консулдукка барып добуш бере алат. Ал үчүн мурдатан ошол консулдукта каттоодон өтүүгө тийиш.

Бакытбек Жумагулов
“Замандаш” ассоциациясынын менеджери Бакытбек Жумагулов жаңы мыйзамдын айынан Кыргызстандан тышкары жүргөн кеминде эле миллионго жакын жарандын шайлоо укугу басмырланып жатканын билдирди: .

- Консулдуктар, элчиликтер Москвада, Санкт-Петербург, Екатеринбург, Новосибирскте гана бар. Андан тышкары Кыргызстандын көп жарандары Казан шаарында, Самарада өз үй-бүлөсүн, Кыргызстанда калган бала-бакырасын багып жүрөт. Орусия менен Казакстанды алсак, 90 пайыздан ашык адам шайлоого катышпай калышы мүмкүн. Себеби мүмкүнчүлүктөрү жок.


БШК: Кошумча бекеттерди ачуу мүмкүн эмес


Мындай нааразы үндөр Батыш өлкөлөрүндө окуп, иштеп жүргөн кыргыз атуулдарынан да угулат. Маселен, АКШдагы кыргызстандыктардын башын бириктирген “Kyrgyz Club” уюму бул өлкөнүн чоң шаарларында жүздөгөн кыргыз жарандары жашарын, алар добуш берүү үчүн элчилик жайгашкан шаарларга бара албастыгын эскертүүдө. Ошондуктан, кыргызстандыктар көп жашаган шаарларда мурдагыдай эле кошумча шайлоо бекеттерди ачуу талабын коюшууда.

Буга чейин консулдуктан тышкаркы жерлерде шайлоо бекеттерин ачкан убакта бурмалоолор болгон. Шайлоо комиссиясында отурган адамдар өздөрү кол коюп эле добуш берген учурлар катталган...

Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Жаркын Бапанова кошумча бекеттерди ачуу дээрлик мүмкүн эмес деген пикирде:

- Биз мыйзамды өзгөртө албайбыз. Чечимди Жогорку Кеңеш ала алат. Биз ала албайбыз. Биз мыйзамдын чегинде эле иштейбиз. Ал эми мыйзамды өзгөртүү үчүн Жогорку Кеңешке берүү керек.

Шайлоо жөнүндө жаңы мыйзамды Жогорку Кеңеш 30-июнда кабыл алып, президент ага июлдун башында кол койгон. Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук комитетинин төрайымы Галина Скрипкина мыйзамдагы мындай чектөөлөрдү киргизүүгө чет жактагы шайлоо бекеттеринде буга чейин байкалган алешемдиктер себеп болгонун билдирди:

Жогорку Кеңеш
- Биринчиден, чет өлкөгө келген Кыргызстандын жарандары консулдукта каттоого алынышы керек. Экинчиден, буга чейин консулдуктан тышкаркы жерлерде шайлоо бекеттерин ачкан убакта бурмалоолор болгон. Шайлоо комиссиясында отурган адамдар өздөрү кол коюп эле добуш берген учурлар катталган. Мындан улам эми консулдук имаратта гана шайлоо бекеттери ачылат. Ал жерде көзөмөлдөөгө жакшы шарт түзүлгөн. Ким кааласа консулдук, элчиликтерге барышы керек.

Өткөн күздө болгон парламенттик шайлоодо чет өлкөлөрдө 44 бекет ачылса, бул жолу алардын саны кыйла аз болмокчу. Боршайком чет жактагы шайлоо бекеттерин түзүүгө жакында киришет. Ал ортодо “Замандаш” ассоциациясы кошумча бекеттерди ачуу талабын бекем коёбуз деп белсенип турат.