Жаңы жылды күткөн шаардыктар

2019-жыл чыгыш календары боюнча доңуз жылы. Астрологдор жаңы жыл сүйүү жана ийгилик алып келет деп ырасташат. 

Ала-Тоо аянтындагы кышкы керемет. 

Бишкектеги жаңы жылдык балатынын бийиктиги 27 метр, ал эми диаметри 12 метр болду.

Майрамдык балаты 350 оюнчук жана жалпы узундугу 480 метрлик жалтырак менен кооздолду.

Шаардыктар табитине, алына жараша үйлөрүн да, короолорун да кооздошту. Эшиктин терезесине тартылган кар киши көргөндүн маанайын көтөрөт. 

Жаңы жылдык жомоктун каармандары сатыкта. 

Жаңы жыл алдында соодасы кызып, сатуучулардын маанайы жайдары. 

Бала бакчалардагы жаңы жылдык Балаты майрамы үчүн кыздардын саркеч көйнөктөрү 500 сомдон сатылууда. 

2019-жылы сары жана алтын түс модада болот.  

Соодагер аяз ата. 

Балдар үчүн жаңы жылдык белектердин орточо баасы 1500 сом болду. 

Жаңы жыл алдындагы кечки Бишкек. 

Балатылар жасалма болсо да баасы кымбат. Чакан балаты 400 сомго, чоңдору 2000, 2500 сомго сатылууда.  

Жаңы жылдык белек алуу үчүн базарга шашкан чоң ата жана небере. 

Астрологдор доңуз жылын сары түс менен тосуш керек дешет. 

Жаңы жыл майрамы жаш-карыны бирдей кубантат. 

Жаңы жылды үй-бүлө менен, жакын адамдардын айланасында тосконго эмне жетсин...

Айрым динчилдер "Жаңы жылды белгилөөгө шарият жол бербейт" дешип, анын ордуна диний майрамдарды сунуштап жүрүшөт. Дин аалымдарынын арасында да Жаңы жыл майрамын белгилебөөгө үндөгөндөр бар.

Жаңы жылга саналуу күндөр калды. Калаа тургундары жакындарына белек-бечкек камдап, базарларда соода кызыды. Бишкектин көчөлөрү түстүү чырактар менен кооздолуп, Ала-Тоо аянты кышкы жомокко бөлөнгөн.