Мамлекеттин ичиндеги “мамлекет”

“Дело №...”жумалыгы “Кылмыш дүйнөсүнүн лидерлери темир тордо” деген баштеманын алдында макалалардын топтомун тартуулап, Бишкектеги жана өлкөнүн ар кайсыл райондорундагы “смотрящийлерди” сүрөттөрү менен жарыялады.
“Дело №...” гезити бүгүнкү санына “Кылмыш дүйнөсүнүн командирлери темир тордо” деген баштеманын алдында ушу күндө уюшкан кылмыштуу топтун 146 мүчөсү камакка алынганын, акыркы эле 4 айдын ичинде “смотрящий” деп аталгандардын 23ү темир торго салынганын баяндаган маалыматты басты. Макалада “смотрящий” дегендер ким экенин, кимиси кайсыл районго, кайсыл базарга, кайсыл шаардын “смотрящийи” болгонун тастыктаган маалымат, аты-жөнү, сүрөттөрү менен жарык көрдү.

ИИМдин Уюшкан кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшүү боюнча Башкы башкармалыгынын жетекчиси, полковник Калыбек Сатыбалдиев маек курду. Гезит кабарчысынын “акыркы айларда Уюшкан кылмыштуу топ кыйын абалда калганын, мурдагыдай акча саачу жерлерден акча өндүрө албай, азап тартып жатканы айтыла баштады, буга кандай дээр элеңиз?” деген суроосуна полковник, буга бир жактуу жооп берүү мүмкүн эместигин, мисалы өткөндө Москвада эмгектенип жаткан кыргыз жарандарынан арыз түшкөнүн, эми бул жерден качып барган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү эмгек мигранттарына салык сала баштаганын, ал маалымат келери менен Россиялык коллегаларына жөнөтүлгөнүн, эми маселе такталары менен атайын операция жүргүзүү үчүн тиешелүү адамдар Москвага барышарын айтып жооп берди.

Сатыбалдиев ошондой эле Камчы Көлбаевге таандык делген кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрдүн баары такталып жатканын, ал бир канча миллиондогон долларга чыгып кеткенин, Көлбаев учурунда Бишкектеги казинолордун бир бөлүгүнө, мейманкалар менен ресторандарга көзөмөлдүк кылып келгенин, булардан тышкары анын кишилери оор жүк тарткан машиналарды коштоп жүргөндүгү үчүн деп акча өндүргөнүн, ошону менен бирге “Дордой” базарынан да оңбогондой “салык” алып келгенин шардана кылып, Көлбаев азыр Дубайда экенин, жакында үй-бүлөсү бүтүндөй ошол жакка кеткенин, негизи эле Бириккен Араб Эмираттары качып барган адамдарды кайтарып берүү үчүн дүйнөнүн бир дагы өлкөлөрү менен келишим түзбөгөндүктөн акчасын жашыргысы келгендердин баары ошол өлкөгө барып баш калкаларын, Россиянын өзүнөн качкандар да ошол жакта экендигин айтты.

Өткөн бийлик дал ушул Уюшкан кылмыштуу топко таянуу менен бийлик жүргүзүп келгенине ИИМ министринин орунбасары Мелис Турганбаев түшүндүрмө берди.

Кылмыштуулук менен активдүү күрөшүү үчүн мыйзам зарыл экендигин белгилеген генерал-майор мындай мыйзам долбоорун 2008-жылы парламент кабыл алып бергенин, анан мыйзам жаңыдан эле иштей баштаганда президент Курманбаек Бакиев кайра кайтартып алып, “кайра иштеп чыккыла” деген шылтоо менен ага каршы “вето” коюп салганын, анын артынан Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүүчү Башкы башкармалык түп орду менен жоюлуп, таратылып жиберилгенин, бул керектүү түзүмдү жок кылууда президенттин иниси Жаныш Бакиев зор роль ойногонун, анан эле депутаттарды, журналисттерди атып өлтүртмөй, көзүн тазаламай башталганын дагы бир жолу эске салды.

Генерал-майор Мелис Турганбаев ушу тапта “Уюшкан кылмыштуулукка каршы көрүлүүчү аракеттер жөнүндө” деген мыйзам парламентке сунуш кылынганы менен кыйлага каралбай жатып, жакында парламенттин профилдик комитетине барып түшкөнүн, бирок ал жерден кайрадан “кылтылдай” баштаганын, тилекке каршы кылмыштуу топторго каршы күрөш айрым депутаттарга жакпай жатканын, алар реалдуу мыйзамдын ордун министрликтин ою боюнча “сылап-сыйпалаган” символикалуу мыйзам менен алмаштырууну көздөп жатканын, бирок министрлик уюшкан кылмыштуулук менен күрөштү аёосуз жүргүзө берерин кошумчалады.

“Дело №...” жумалыгы ошентип уюшкан кылмыштуу топ мамлекеттин ичинде мамлекет түзүп алып жашап келгенин, “сот бийлиги” так ушул Камчы Көлбаевдин колунда болгонун, анын ар бир көзөмөлдөөчүлөрү шаарда, райондо, ар бир түрмөдө, убактылуу абак жайларында, колонияларда болгонун, алар да губернатор, аким деп аталганын жазып чыкты.

“Кыргызстандын төртүнчү президенти ким болгусу келет?” деген баштеманын алдында макала жарыялаган “Дело №...” гезити “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Камчыбек Ташиевдин кайсы бир басмасөз жыйынында “эгер талапкерлигимди койчу болсом, сөзсүз жеңип чыгам” деген сөзүн шилтеме кылып, анын президенттик жарышка түшөр-түшпөсү азыр белгисиздигин, анын үстүнө Ташиев муштумун сынап көргөндөн кийин ага “хулиганчылык” боюнча иш козголгонун, президенттикке кимди талапкер кылары “Ата-Журт” партиясынын курултайында белгилүү болорун жазды.

Гезит андан ары “Кудай кимге буюрса, ошол президент болот” деп айткан Алмазбек Атамбаевдин сөзүн мисалга тартып, “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев спикер болбой калгандан кийин президенттик жарышка ат салышпастыгын билдиргенин, бирок “кызматтан түшүп калгандан кийин күтүүсүз жерден президенттик жарышка түшө тургандыгын жар салып жиберген Кубатбек Байболовдун ниети накта сенсация болгонун белгиледи.

Гезит андан ары карай “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев да ал жетекчилик кылган партия президенттик шайлоого катышарын билдирсе, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров азырынча шайлоо жөнүндө сөз кылуу эртелигин, бирок ал жетектеген партия Кыргызстан президенттик-парламенттик башкаруу формасына кайтып келүү үчүн шайлоого катышарын, өзү жакында эле Нарын, Талас, Көл аймагын кыдырып кайтканын, калктын колдоосун сезип-туюп жатканын билдиргенин маалымдады.

Аталган басылма андан ары “Өлкөнүн президенттигине кимди татыктуу деп ойлойсуз?” деген суроо менен айрым жарандарга суроо берип, ойлорун укту.