Эмгекчил карылар

1-октябрь Медицина илимдеринин доктору, профессор, Улуттук хирургиялык борбордун директору Мамбет Мамакеевдин туулган күнү. Дарыгер 91 жашка чыгып, туулган күнүн жумушта тосту. 
 

Мамбет Мамакеев шакирти Эрнис Алыбаев менен. Медицина илимдеринин доктору, профессор Эрнис Алыбаев учурда 62 жашта. 
 

Мамбет Мамакеев 60 жылдан ашык медицина тармагында эмгектенип, 30 миңден ашуун операция жасаган. Азыр да ал күчтөн тайбай турганын айтты. 

Акын, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин авторлорунун бири Шабданбек Кулуев учурда 76 жашта. 45 жылдык өмүрүн балдарды окутууга арнаган. 

Жети баланын апасы Асыл Багышева баатыр эне. 40 жылдан ашык мугалим болуп эмгектенип, учурда ардактуу эс алууда. Шабданбек Кулуевдин жубайы. 

Бүт өмүрүн ырга, китепке арнаган акын Гүлсайра Момунова быйыл 80 жашта. Ыр жазуу үстүндө. 

60 жыл бирге түтүн булаткан журналист, маданияттын мыкты кызматкери Шаймерден Керимбаев менен Шакен Ниязалиева. 

Небере жытына тойбогон эне. 

Үй кожойкеси Тажиниса Турдубаева ден соолугуна кам көрүп, сергек жашоого жакын. Эч бош отурбайт. Дайыма ыр жазып, мелдештерге катышып турат. 

Ден соолугуна кам көргөн апалар. 

Кыргыз-тажик чек арасында жашаган Гүлбүбү Исаева. Билгендер Гүлбүбү апаны чек арачы деп коюшат. Ал күйөөсү дүйнөдөн кайтса да, башкалардай үй-жайын сатып баш калаага көчүп келбей, чек арадагы жерин кайтарып жашайт. 

Небересине жети атасын үйрөтүп жаткан апа.