Омбудсмен: миссия аткарылдыбы?

Омбудсмен институту - жарандардын укуктары мамлекеттик органдар тарабынан бузулушунан коргоочу ыйгарым укуктуу орган. Анын түпкү тарыхы эки кылымдан ашып, дүйнөнүн 100дөн ашуун мамлекетинде бар. Кыргызстанда Акыйкатчы институтунун түзүлгөнүнө 10 жылдан ашты. Өткөн айда Жогорку Кеңеш экинчи акыйкатчы Турсунбек Акунду мөөнөтүнөн мурда кызматтан алды. Пост-советтик аймакта Омбудсмен институту өз миссиясын канчалык деңгээлде аткарууда?
Омбудсмен институтунун уникалдуу табияты – көз карандысыз орган. Көпчүлүк өлкөлөрдө омбудсменди парламент шайлайт жана ал парламентке гана отчет берет. Эгемендикке ээ болгон өлкөлөрдүн ичинен 1994-жылы Орусиянын Мамлекеттик Думасы таанымал укук коргоочу Сергей Ковалевду Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу кызматка бекиткен. Учурда Орусия президентинин алдында балдар укуктары, ишкерлердин укуктарын коргоо жана студенттердин укуктары боюнча атайын ыйгарым укуктуу өкүлдөр бар.

Борбор Азияда Омбудсмен институту 1995-жылы Өзбекстанда мыйзамдык базанын жоктугуна карбастан түзүлгөн. Өзбекстан Компартиясынын биринчи катчысынын кызы, химик-окумуштуу Рашидова Сайера Шарафовна бул кызматка бекитилип, бүгүнкү күнгө чейин аркалайт. Казакстанда президент Назарбаевдин кепилдиги алдында тургандыктан “президенттик омбудсмен” деп аталат. Түркмөнстанда 1996-жылы президентке баш ийген Демократия жана Адам укуктарынын улуттук институту түзүлгөн.

Тажикстанда расмий институт 2008-жылы пост-советтик аймакта эң акыркы болуп түзүлгөн. Беларуста болсо мындай институт жок, болгону Балдар укуктары боюнча улуттук комиссия иштейт. Президент Лукашенко анын өлкөсүндө омбудсмендин ролун прокуратура органдары аткарат деп айтканы белгилүү.

Кавказ өлкөлөрүнүн ичинен Омбудсмен институту алгач Грузияда түптөлгөн.

1996-жылы грузин парламенти “Элдик жактоочу” жөнүндө мыйзам кабыл алып, эки жылдан кийин президент Шевернадзенин жардамчысы, полициянын генералы Давид Саларидзе өлкөнүн биринчи омбудсмени болуп кызматка киришкен. Андан бери беш омбудсмен алмашып, анын бири аял болгон. 2009-2012 жылдардагы төртүнчү омбудсмен Гиоргий Тугуши “Азаттыкка” курган маегинде Грузиядагы омбудсмен институтунун өзгөчөлүгүнө токтолот:

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Гиоргий Тугуши


Кыргызстанда Омбудсмен институтун түзүү демилгеси 1990-жылдардын ортосунда кызуу талкууланып, эл аралык уюмдар колдоо көрсөткөн. Алгач президентке баш ийген Адам укуктары боюнча комиссия түзүлгөн. 2002-жылдын 31-июлунда президент Аскар Акаев «Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчы)” жөнүндө мыйзамга кол койгон. Ушул эле жылдын 21-ноябрында Жогорку Кеңеш биринчи акыйкатчыны шайлаган. Эгемен өлкө тарыхындагы эки акыйкатчынын ишмердүүлүгү тууралуу:

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Биринчи акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу


Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Экинчи акыйкатчыТурсунбек Акун


Он жылдан ашуун тарыхы бар көз карандысыз делген Акыйкатчы институту өз миссиясын так аткара алган жок, жеке жана саясий максатта колдонулуп, беделин түшүрдү деген сындар күч. Нью-Йорктогу Колумбия университетинин укук таануу боюнча магистри Бактыгүл Кубанычбекова Акыйкатчы институтун реформалоо тууралуу “Азаттыкка” ой бөлүшөт:

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бактыгүл Кубанычбекова


Ушул тапта Акыйкатчынын ордуна сынак жарыяланып, талапкерлер катталууда. Эч кимден көз карандысыз, адам укуктары үчүн күрөшкөн уникалдуу институтка кандай жетекчи керек?

"Каалайсыңбы же жокпу, омбудсмен-акыйкатчы – саясий фигура. Ал президентке, парламентке барып туруп, маселени коёт. Саясатчыларды мажбурлап иштетиши керек. Кыргызстанда омбудсмендин укуктарын ишке ашыра турган механизмдер бар, алардын көпчүлүгү ушул күнгө чейин колдонулган жок. Маселен ушул күнгө чейин кайсыл омбудсмен жарандардын укуктарынын бузулганы боюнча кайсы министрди парламентке алып келип укту? Бул боюнча бир дагы мисал жок. Экинчи жагынан мыйзамды жазган бийликтегилер өздөрү мыйзамды бузуп жатышат. Мыйзам жазылганы менен аткарылбайт" - деди мурдагы юстиция министри Марат Кайыпов.

Омбудсмен институту - жөнөкөй жарандардын укуктарынын мамлекеттик органдар тарабынан бузулушунан коргоочу ыйгарым укуктуу институт. Ал эми пост-советтик мейкиндикте Омбудсмен институту өлкөнүн саясий, экономикалык турмушуна, калктын улуттук, укуктук аң-сезимине дагы байланыштуу экени шексиз.