Көп аял алуу мыйзамга каршы

Иллюстрация

Жашы улуу эркекке экинчи же үчүнчү аял болгон кыз-келиндер кыргыз коомунда жок эмес.

Борбор Азияда демократия аралы катары таанылган Кыргызстанда эмне үчүн көп аялдуулук ооздукталбай жатат?

Бул суроо коомчулукта дайыма кызуу талкуу, талаш-тартыш жаратып келет. Ушул күндөрү Кыргызстанда казак режиссеру тарткан “Токол” тасмасы бул маселени кайрадан коомчулуктун эсине салды. Анда акчасы арбын, тиш кагып калган эркекке башын байлаган жаш кыздын жаңылыштыгы, андан жабыркаган тагдырлар баяндалат.

Дегеле, экинчи аял болууга жаш кыздар кандай учурда макулдугун берет? Мындай көрүнүшкө алар өздөрү да себепкер деген пикирлер жок эмес. Коомчулукта кайсы депутаттын же аткаминердин канча аялы бар экени ачык эле айтылып келет. Бирок алардын ичинен жоопкерчиликке тартылгандары жокко эсе. Кыргыз коомунда көп аял алуу эч кандай эрөөн-терөөн болбой баратканы байкалат.

Эки аял алууну колдогондор маал-маалы менен муну мыйзамдаштыруу керек деген демилгени сунушташат. Укук коргоочулардын айтымында, экинчи аялдын никеси юридикалык жактан катталбагандыктан аялдардын, балдардын укугуна байланышкан маселелер жаралат. Психологдор көп аялдуулук маселеси менен өлкөдөгү кризистик борборлорго кайрылган кыз-келиндердин көп экенин айтышат.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Көп аял алуу мыйзамга каршы

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.