Президент от менен ойнобоого чакырды

Жарык көргөн гезиттердин баары президент Роза Отунбаеванын кечээ күнкү парламентте сүйлөгөн сөзүн шилтеме кылуу менен окурмандарга тартууланды.
“Кыргыз руху” гезити депутаттардын саясый коркунучтуу оюндар менен алектенип жатканы президенттин жанына батып, кечээ парламентте катуу сүйлөгөнүн, эгер парламент мындан ары карай да саясат менен алектенип, ушинтип элди аркы-терки чайкай бергенин токтотпосо таркатып жибергенге чейин барарын эскерткенин, президенттин бул билдирүүсү оң таасирин берерин жакын арада мезгил өзү тастыктаарын белгилеп, журналист Айзада Абазованын макаласын тартуулады.

Журналист Азизбек Келдибековдун “Абалыңыз кандай, Атамбаев?”, “Абалыңыз кандай, мугалим?” деген жана Бишкек, анын мурдагы шаар башчылары жана учурдагы башчысы Иса Өмүркулов тууралуу макаласы да ушул санда.

“Кыргыз руху” гезити ошондой эле Кыргыз эл жазуучусу, көрүнүктүү драматург Бексултан Жакиевдин “Ар-намысыбыз - Манаста” аттуу маегин басты. Уландысы кийинки санга калтырылган бул макала баштан аяк Манас жөнүндө жана өзү башында туруп даярдаган “Манас” долбоору ЮНЕСКО тарабынан дүйнөлүк шедеврлердин катарынан орун алгандыгы жөнүндө баяндалат.

Бексултан Жакиев “Манаска” чейин ЮНЕСКОго “Кожожаш” эпосуна долбоор жазып жөнөткөнүн, бирок “Кожожаш” эпосу элдин күндөлүк жашоо-турмушунда, шаан-шөкөттөрү менен оюн-зоок кечелеринде, концерттерде колдонулуп, кошо жашап, айтылып, ырдалбай, китеп түрүндө гана жашап келаткандыктан шедевр талабына жооп бербей, өтпөй калганын, анан “Манас” долбооруна олтурганын, кылымдар бою кыргыз менен кошо жашап келаткан “Манас” бардык талаптарга төп келип, өтүп кеткенин, непадам, “Манас” да манасчыларсыз, айтуучуларсыз калса “Иллиада” менен “Одиссея” өңдүү өлүү эпосторго айланып калуу коркунучу барын эске салды.

“Алиби” гезити “Укпадым дебегиле?” деген рубрика алдындгы макаласында: “Парламентте өч алууну каалаган жана Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн декреттерин жокко чыгарууну талап кылган күчтөр бар. Дал ошол Убактылуу өкмөттүн декреттери менен референдум өткөрүлүп, Конституциялык реформа жүргүзүлүп, Жогорку Кеңешке шайлоолор өткөн. Президент менен өкмөт качып кеткенде, Убактылуу өкмөт толугу менен жоопкерчиликти өз мойнуна алган. Ошондуктан мен мамлекет башчысы жана Конституциянын кепилдиги катары эч кимге элди бөлүп, мамлекетти талкалаганга жол бербейм” деп айткан президент Роза Отунбаеванын сөзүн шилтеме кылды жана “Ата Журт” партиясынын аракетин, андагы депутат Садыр Жапаровдун өткөн жылдагы Убактылуу өкмөттүн соттор тууралуу декретине каршы сүйлөгөнүн эске салды.

Гезит мындан тышкары 441 адам кол коюп жөнөткөн Алай элинин Кыргызстандын элине кайрылуусун жарыялады.

Кайрылуу минтип башталып:” Апрель көтөрүлүшүнүн каармандары, Бакиевдерге деп бышырылган тамакты ага жедирбей кубаладыңар. Бирок ошол даяр тамакты өзүңөр жебедиңер же элге жедирбедиңер. Даяр тамакты кайра эле Бакиевдин артынан качууга даярданып турган шакирттерине салып бердиңер. Анда биз, эмнеге былтыр кышы менен, чилдеге карабай “Бакиевдик башкаруу кетсин, элдик генерал Исмаил Исаков абактан чыксын!" деп суукка тоңдук? Алайга каттаган аттуу-баштуу саясатчылар: “кыргыз элинин үмүтү алайлыктарда, тутанган отту жазга чейин өчүрбөгүлө, мамлекетибизде адилет, таза башкарууну орнотобуз” деген убадалар кайда?” деген суроо коюлган. Андан ары генерал Исаковду Ош окуясына байлап күнөөлөгөн комиссиянын чечими алайлыктарды кыжырдантып жатканын, Исаковду Абдыганы Эркебаев баалабаса, Алай эли бааларын билдирип, бир топ жүйөлүү ойлорду айтып, элди "Акаев менен Бакиевдердин мителеринен" сактап калууга чакырык таштаган.

“Форум”
гезити бүгүндөн тартып атын жоюп, кийинки жумадан баштап “Фабула” деп өзгөртүлгөн ат менен жарыкка чыгарын кабарлады.

Журналист Эртабылды Аттокуров макаласын “Ата Мекен” партиясы тууралуу баштап: “Ата Мекен” партиясы мамлекеттин туруктуулугуна кайдыгер мамиле жасап жаткан түрү бар. Айрым маалыматтарга караганда, азыркы күндө Өмүрбек Текебаев Талас жергесинде жаңы бийликке каршы митинг-пикетке чыгууга үндөгөн иштерин баштаган имиш. Талды-Булак айылында Өкмөткө каршы нааразылык акциясын өткөрүү мөөнөтүн төңкөрүштүн 1 жылдык “юбилейине” – 6-апрелде баштоого “антташкан” сыяктанат” деп жазды.

Автор андан ары буга дейре болуп өткөн окуяларга сереп салып, Текебаевдин спикерликке жетпей калган өктөсүнө, ошол эле Текебаев жаңы Конституцияны талкуулап атканда мамлекеттик да, ырасмий тил да кыргыз тили болсун дегенге макул болбой, эми кайра кыргыз тилин жактамыш этип, өлкөгө эптеп каражат таап келип жаткан Өкмөттү колдоого алуунун ордуна сындап киргенине токтолгон.

Журналист макаласынын аягын өлкөгө ушу бүгүн туруктуулук менен алдыга жылуу аба менен суудай зарыл экендигин, азыр куру таалада калтыруучу саясатка эмес, экономиканы көтөрүүгө көңүл буру учуру келгенин эскертип, “эсиң барда этегиңди жап” деген накыл кеп менен жыйынтыктады.

“Кыргыз туусу” гезити президент Роза Отунбаеванын “Элди бузуп жарганга жол бербейм” деген сөзү менен жаңы санын ачты. Мамлекет башчысынын кечээ күнкү парламентте сүйлөгөн сөзүнүн өзөгүн өлкөнүн бүтүндүгү түзүп, эл бузарларга жакшы эскертүү болгондугу белгиленди.

Ант берүү деген барган сайын майдаланып баратканын айтылуу драматург, Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиевдин: “Кыргызда “жигиттин сөзү өлгөнчө өзү өлсүн” дейт. Ант деген бул ыйык убада. Аны бузганды “ант урсун!” деп айткан. Мына ушуга ишениш керек. Адамдын ыйманы болсо буга ишенет” деп “Азаттык” аркылуу айткан сөзүн дагы бир жолу көңүлдөргө салды.

Гезит өкмөттүн жасап аткан иштери тууралуу бир топ маалыматтарды таратты. Махмуд Кашгари-Барскани университетинин ректору, профессор Асан Ормушевдин макаласы “Ататүрк курам деп кыялданган көпүрө” деп аталып, түбү бир түрк элинин жакшылыгы, эгемендик алган күндөн тартып биринчи болуп Кыргыз мамлекетин таанып, ошондон бери болгон жардамын аябай келаткандыгы баяндалат. Башкасын айтпаганда да 7-апрелдеги Элдик революциядан кийинки кыйын кырдаалда Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү Алмаз Атабаевдин мизин кайтарбай, 21 млн. АКШ доллар грант бергенин кеп кылды.

Бул санда жакында эле президент Роза Отунбаеванын жарлыгы менен “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” наамын алган белгилүү диктор Анаш Кадырованын маеги бар. Анаш айым азыркы күндө эфирге эне тилин билбегендер толуп кеткенин, ошондуктан дикторлордун мектебин ачуу зарылдыгын айтып чыкты.

Кыргыздын улуу акыны Турар Кожомбердиневдин сүйгөн кызы Нуржамал Иманалиеванын эскерүүсү, ага жазган акындын сүйүү ырлары да окурмандарды кайдыгер калтырбайт.