Окшоштук

Гезиттер бийликтин ишмердүүлүгү, оппозициянын аракеттери жана таарынычтары тууралуу жазды.
Бүгүн жарыкка чыккан “Фабула” гезити журналист Баратбай Аракеевдин өкмөттүн жасап келаткан иши жөнүндө жазган макаласын тартуулады. Автор өкмөт башчысы Бабановдун буга чейин элге берген убадаларын санап чыгуу менен алардын айрымдарына токтолуп: “Чоң акчага бир малынган адам ал тараптан эзели чыгууга дарамети келбейт деп айтылып келет элде. Бул жагынан алганда насили бизнесмен Бабанов эми деле ошол жолунан чыгалбайт, демек Бабановдун бул өкмөтү күзгө жетип-жетпей отставкага кетет”, - деп жазды.

Автор андан ары бир карасаң бүгүнкү чырмалышкан коррупцияга Бабановдун өкмөтүн жеке күнөөлөөгө да болбостугун, анткени дагы эле тазаланбай келаткан система чирип жатканын, жыл башындагы коррупцияга күрөш деген күч, демилге эмнегедир утурумдук кампанияга айланып, деми сууп калгансыганын, сыягы президент Атамбаевдин колундагы укугу коррупцияны ооздуктоого чама-чаркы жетпей жатканына кейиди.

Гезитке “Республика” фракциясынын лидери Канат Исаевдин маеги да басылды.

Баяндамачы Үсөн Касыбеков “Кыргызгаз” мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгүн иликтөөгө алып, аталган компания бүтүндөй өлкөнү көгүлтүр от менен камсыз кылып турган табийгый монополист ишкана экендигин, эгер анын 75 процент акциясы “Газпромго” сатылып кете турган болсо Кыргызстандын газ тармагы толугу менен Оруссиянын көзүн карап, Орусияга баш ийип, ошол өлкөгө күнкор өлкөгө айланарыбызды, бул экономикалык-саясый маселе болуп саналарын, бирок кандай болгон күндө дагы бүгүн эмне кыларды билбеген өтө опурталдуу кырдаалга келип кептелгенибизди кеп кылды.

“Алиби” гезити журналист Адилет Айтикеевдин “Өкмөт Жогорку Кеңешти кантип өчүрдү?” деген макаласын тартуулады.

Абды Биримкулов аттуу автордун макаласы “Коомдук каналдагы кокуйлар” деген ат менен жарыяланды. Автор Акүйдүн билермандарын жаңыдан түзүлгөн байкоочу кеңешти башкарууга алып, өз көзөмөлүн жүргүзгөнгө өттү деп сынга алды. Ал ошону менен бирге эле “Ата Мекен” фракциясынын атынан байкоочу кеңештин төрагасы болуп шайланган Кылыч Султановду Текебаев Атамбаевга айтып атып койдуртканын, ушул эле төрагалыкка маселен журналист Сабыр Муканбетовду деле шайласа болмогун, бирок принцибинен тайбаган Сабыр Муканбетовдон ал деген акыйкатсыз жолго баспай коёт деп чочулашканын, мындан улам КТРКнын реформасы сот реформасындай болуп чоюлуп, же ошол соттордун таз кейпин кийип калышы мүмкүн деген пикирлер айтылып жатканын, илгерки “кара жащик” бүгүн дагы баягычылап Текебаевдин, Сатыбалдиевдин, Ниязовдун “сценарийлери” боюнча түзүлгөнүн сынга алды.

Гезиттин башкы редактору Бабырбек Жээнбековдун макаласы “Көсөмдөрүңөр кимдер?” деген ат менен жарык көрдү. Автор Текебаевдин Равшан Жээнбековду акча бербей койду деп куугунтуктаганы, керек болсо “Ата Мекен” партиясынын туусун Равшанчалык көтөргөн жигиттер аз болгонун, Текебаев кыргыз саясат айдыңындагы эң табышмактуу, ички баалуулуктары бири -бирине дал келбеген, эки башка адам экендигин сөз кылды.

Ушул эле гезитке “Асаба” улуттук кайра жаралуу сасый партиясынын ордо кеңешинин төрагасы Жолдошбек Орозовдун маеги жарыяланды. Маегинде ал азыркы бийлик менен Бакиев бийлигинин айырмасы жоктугун, өкмөт башында жалаң Максимдин кадрлары олтурганын, бийлик чоң жаңылыштык кетирип жатканын, маселен оппозиция деген эл душманы эместигин, эгер Ташиев менен Келдибеков улут тагдыры үчүн күйүп-жанып жаткан соң аларды ал жетектеген партия эмне үчүн колдобостугун, ушул эле “Асаба” партиясы Бакиевге оппозция болуп турган кезинде “Ата Мекен” партиясын да колдогонун айтты.

Ал аягында бийлик оппозицияны элге душман кылып көрсөткүсү келсе эле анда Акаев жана Бакиев баскан жол менен баратканы ошол болорун, ошондуктан башынан куугун да, сүргүн да көп өткөн бүгүнкү бийлик башындагылар өлкөдөн качып кеткен эки президенттин тагдырын кайталабаса болот эле деген ой-тилегин билдирди.

Ушул эле партиянын төрагасы Салмоорбек Дыйкановдун маеги “Элди түндүк менен түштүккө бөлгөндөр оппозиция эмес, бийлик” деп аталып, анда Караколдогу митингдин үзгүлтүккө учураганын, микрофонду өчүртүп салганын, митингде ОБОНчулар жана башка күчтөр жүргөнүн айтып нааразы болгондугун ачык айтты.

Залкар жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековдун 100 жылдыгына карата БГУнун ректору, филология илимдеринин доктору, профессор Абдылда Мусаевдин “Миң жыл жашаган Түгөлбай Сыдыкбеков” аттуу макаласы окурмандарга тартууланды.