Коррупционерге капкан

Жарык көргөн гезиттердин баары президенттин коррупцияга каршы күрөшүн талдоого алышууда.
“Кыргыз туусу” гезити жаңы санын баш прокурор Аида Салянованын Келдибековдун ишинде эч кандай саясат жоктугун айтуу менен өмүр бою мамлекеттик чоң кызматтарда иштеп жүрүп, адам таңгаларлыктай байлык топтогонун тастыктап сүйлөгөн сөзүн окурмандардын алдына дагы бир жолу жая салды.

Ушул эле макаланын алдында ИИМдин башкы тергөө башкармалыгы “Ак Кеме”, “Пинара-Бишкек” мейманканаларын мыйзамсыз сатуу, салыкты жашыруу, акчаны сыртка чыгарып кетүү, кыскасы мамлекетке өзгөчө ири көлөмдө зыян келтирүү фактысы боюнча Султан Медеровго, Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри Абдреим Кулбаевге, Константин Бескоровойныйга, Максат Кеңешовго, Ениже Гюрканга кылмыш ишин козгоп, айып тагылган тизмени жарыя кылды.

“Фабула” гезити бул санын журналист Айбек Шамшыкеевдин “Камала турган депутаттардын саны 15ке жетет” деген макаласы менен ачты. Алар: КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков, “Мадина” базарынын кожоюну Турсунтай Салимов, КСДПдан депутат Олег Домшенко, “Республикадан” депутат Алтынбек Сулайманов, депутат Исхак Пирматов, депутат Элмурат Обдунов, “Аю” фирмасынын кожоюну, депутат Шаршенбек Абдыкеримов, “Ата-Журттан” депутат Курманбек Осмонов, депутат Нурлан Сулайманов, депутат Марат Султанов, “Ата Мекенден” Райкан Төлөгөнов менен Туратбек Мадылбеков, эркин депутат Равшан Жээнбеков, “Ата Мекенден” депутат Сайдулла Нышановдун аттарын атап, алардын иши тууралуу кыскача маалымат таратты.

Журналист Баратбай Аракеевдин бул жолку макаласы “Коррупционерлердин баары “саясий заказ” менен камалат... мейли” деп аталса, Алмаз Темирбек уулунун макаласы “Коррупцияга капкан” деген ат менен жарык көрдү. Журналист жакында дагы камалат деген депутаттардан “Ата Журттан” 4 депутат, “Республикадан” 4 депутат, “Ата Мекенден” 4 депутат, КСДПдан 2 депутат бар деген кептер айтылып, айрымдары качууга кам ура баштаганы айтыла баштаганын, эгер чындап эле ушундай болсо Жогорку Кеңеш саясий да, моралдык жактан да “шал” болуп, өзүн-өзү таратып жибергенге аргасыз болуп, февраль айында парламенттик шайлоо болуп калышын саясый аналитиктер айтып жатканын жазды.

Журналист макаласын аяктап баратып, “Келдибековду үй камагына чыгаргыла!” деп бүтүндөй кыргыз эли түп көтөрүлүп чыкпаганын, чыккандар тууган-туушкан, кайын-журт, куда-сөөктөн турган жүз киши чыгып, бүткүл кыргыз элинин атынан сүйлөгөндөрү туура эместигин, эл деген тескерисинче коррупционерлердин акталышын эмес, камалышын, жеп-ичкендерин кайра кусуп беришин колдоп жатканын, кимде ким мамлекеттин, элдин ырыс-кешигин тоноп, жеп-ичип келсе алар Кудай алдында да, эл алдында да акыры тиешелүү жазаларын алышы керектигин белгиледи.

“Алиби” гезитине журналист Аида Батырбекованын “Эмне үчүн өз позициямды айтпадым деп өкүнгүм келбейт” деген аталыш менен депутат Айнуру Алтыбаева менен маеги, Эрлан Капаров аттуу автордун “Карышкырга кой кайтартуу” деген эмне? Же Токон Мамытовдун “эрдиктери” деген макаласын тартуулады.

“Алиби” гезити Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы, генерал Мелис Турганбаев менен маек курду. Маек: “Менде министр болоюн деп жулунган ой жок” деген ат менен жарык көрдү.

Генерал Турганбаев ал келери менен Бишкектин айланасындагы жаңы конуштарга милициянын 42 таяныч пункттарын ачууга жетишкенин, кылмыштын көбү түнкүсүн болгону үчүн түнкү күзөт милициясы түзүлгөнүн, мунун артында 10 айдын ичинде 300 оор кылмыштын бети ачылганын айтты.

Мелис Турганбаев бийлик Акаев менен Бакиев кезиндегидей криминал менен коюн-колтук алышып, оюн кылбаганын, бүгүн Бишкекке Орусиядан 20 миңге жакын жаран кайтып келгенин, булардын баарын кылмышкер деп айтууга болбостугун, бирок алардын келиши шаардагы оперативдик абалга таасирин тийгизе баштаганын, жалпы Кыргызстанда жасалган кылмыштын 40 проценти Бишкекте жасаларын эске алганда, учурда кылмыштуулуктун саны аз да болсо өсүп жатканын, Бишкекте бир катар уурулуктар жана талап-тоноолор боюнча кармалгандар дал ошол Орусиядан келгендер болуп чыкканын, атүгүл алардын арасынан өтө оор кылмыш жасагандар барын, жакын арада алардын аттары ачык жарыяланарын билдирди.

Ушул эле санга “Ата Мекен” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Абдувахаб Мониевдин өз партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге жазган каты жарыяланды. Мониев макаласында пратиянын устав, программасы тепселип жатканын, “Ата Мекен” да акаевдик режимде “Алга, Кыргызстанга”, бакиевдик режимде “Ак жолго” өтүп, күн тийген жерден күн чубактап, миң кубулган мансапкорлордун убактылуу уюгуна айланганын, кош стандарттуу саясат жүрүп келатканын айтып, партияны кимдер ыдыратып жатканын талдоого алды.