Бабанов Бекназаровду тай союп сыйладыбы?

Өмрбек Бабанов, мурдагы премьер-министр.

16-августта жарык көргөн кыргыз гезиттерине баяндама.
“Алиби” гезити бул санын журналист Адилет Айтикеевдин “Өкмөт алмашпайт, парламент тарабайт, революция болбойт...” деген макаласы менен ачты.
Өкмөттүк комиссия Бишкектеги Башкы прокуратуранын 2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик революцияда өрттөлүп кеткен имаратын кайра калыбына келтирүүгө мүмкүн болбогондуктан таптакыр бузуп салуу чечимине келгенин кабарлады.

Гезит саясат иликтөөчү Уран Ботобековдун “Атамбаев конфронтация эмес, компромисс жолун тандады” деген аталыштагы маегине орун берди. Маекте президент жакында каршы болгон колун коюп, Жогорку Кеңешке кайра жөнөткөн “Ош шаарынын статусу тууралуу” мыйзамдын айланасында сөз болду. Ботобеков президент саясий жактан абдан туура кадам жасаганын, ал эми ага чейин “Ош шаары жөнүндө” мыйзам токугандар кандай гана болбосун мыкты иштеп жаткан Мелис Мырзакматовду ээрден оодарып түшүүнү көздөшкөнүн, эгер президенттин да ою ушундай болсо, бул мыйзамга дароо эле колун коймогун, демек Мырзакматов Атамбаев үчүн душман эместигин, анткени бүгүн майда-барат чыр чатактан келип чыга турган чаң-тополоң эмес, кыргыз мамлекеттүлүгүн чыңдайбыз деген күчтөрдүн биримдиги керектигин белгиледи саясат талдоочу.

“Планета” гезити “Замандаш” партиясы 10 жылдык юбилейин белгилеп, ага 30га чукул мамлекеттен кыргыздын 300дөй кыз-жигиттери катышып, маркум Мухтар Өмүракунов кыргыз элин биримдикке чакырып кеткен ынтымак, достук жөнүндө кеп болгонун; орун алмашуудан сумма өзгөргөнүн эчким угалектигин, анткени мурда Коргоо Кеңешинин катчысы Бусурманкул Табалдиевге ордун берген Коопсуздук комитетинин төрагасы Бейшенбай Жунусов эми кайра так ошол Бузурманкул Табалдиевдин ордуна кызматка барганын жазды.

Аталган гезит мындан сырткары Өмүрбек Бабанов Азимбек Бекназаровду Григорьев капчыгайына чакырып, тай союп сыйлап, бата кылып, күзгү күрөшкө кандайча аттануу планын пландаштырганын кабарлады.

Бул басылма президент Алмазбек Атамбаевдин Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарымдуу өкүлү Турдалы Көлбаевдин “Асанакунов менен Кадыров кол куурчак болуп ойноп берген” деген аталыштагы маегине орун берди. Анда ошол кезде президенттин Көл боюнча координатору Мирбек Асанакунов менен Кадыровдун Максим Бакиевдин планын ишке ашырган Бакыт Бешимовдун тилине кандайча киргенин ачыкка чыгарды.

Журналист Тынчтык Алтымышевдин “Аферисттер менен Мамкаттоочулар табакташпы?” деген макаласын жарыялады.

“Жаңы агым” гезити ишкер Аскар Салымбеков түзгөн “Мурас” партиясына кирем дегендер көбөйүп, экс-министр Аскарбек Шадиев, экс-вице-спикер Азизбек Турсунбаев, Жогорку Кеңештеги барандуу фракция лидерлеринин бири мүчө болуп киргенин, Бакиевдин “акжолчуларынын” өкүлдөрү да кирүү үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын; 24-августта Соң-Көлдө курултай өтөт деген кеп тарап, оппозиция лидерлеринин бири Садыр Жапаров менен Аликбек Жекшенкулов уюштуруу иштери менен ага барып катышып бергиле деп кишилерди үндөп чуркап жүрүшкөнүн; “Ата-Журттун” башчылыгына депутат Мыктыбек Абдылдаев көрсөтүлмөк болгонун; Жети-Өгүз окуясынын башкы уюштуруучулары С. Маданбеков менен Н. Калчаев жергиликтүү активисттер менен жолугуп, нааразылык акциясын жандандыруу планын түзгөнү айтылып жатканын, алтургай Бишкекке келип оппозиция лидерлеринин бирине жолугуп, аткара турган иштерди такташып кеткенин, акыйкатчы болчумун деп 70 киши арыз тапшырганын жазды.

“Де-факто” гезити Мирлан Дүйшөнбаевдин “Күзүндө саясий абал чыңалабы? Же ага байланышкан божомол, жоромолдор жөнүндө” деген макаласын жарыялады. Кыргыз саясатчыларынын жасап келаткан, жасай турган иштерин талдоого алган журналист мандатынан ажыраган үч депутат, бийликке жете албай ичи күптүсү ичте жүргөн саясатчылар баягы эле ызы-чууларды салып, жолдорду бууп, пикет-митингдер менен опуза кылбайт деп эч ким кепилдик бере албастыгын, бирок муну жалпы эл колдоп береби, кеп ушунда жатканын, анткени аны жалпы эл колдогудай деңгээлге жеткирүү мүмкүн эместигин, ага оңбогондой каражат кетерин, анын үстүнө мындай ополоң-тополоңдон бүгүн кыргыз эли чарчап, тажап бүткөнүн, мындай башаламандыкты элдин көрөйүн деген көзү жоктугун эскертти.