Капчык кампайткан каперс

<p>Европа өлкөлөрүндө баалуу азык катары колдонулуп, каперс деген ат менен белгилүү жапайы өсүмдүктү Жалал-Абаддагы түрк ишкерлери сатып алып, окуучулар чоң акча жасап жатышат.</p>

Чет өлкөдө каперс деген ат менен белгилүү кавар өсүмдүгүнүн мекени катары Түндүк Африка жана Түштүк Европа саналат.

Ал жакта бакча өсүмдүгү катары өстүрүлсө, Борбор Азия мамлекеттеринде жапайы чөп өсүмдүгү катары тоолордо өсүп турат.

Теримчилерден алып-сатарлар алышып, түрк ишкерлерине тапшырышат. Жалал-Абад шаарында жана Базар-Коргон районунда алардын чогултуу базасы жайгашып, желим идиштерде сыртка эскпортолот.

Теримчилерден алып-сатарлар алышып, түрк ишкерлерине тапшырышат.

Бул өсүмдүктүн мөмөсү жүрөк жана кан тамыр ооруларына дабаа катары да эсептелет.

Түрк ишкерлери Кыргызстандан каварды чийки калыбында ташып чыгышып, чет өлкөдө кайра иштетүү менен кымбат баада сатышат экен.

Маалыматтарга караганда, Европа өлкөлөрүндөгү ресторандарда каперстен 500дөн ашык салаттын түрү жасалат.

Жалал-Абад шаарында жана Базар-Коргон районунда алардын чогултуу базасы жайгашып, желим идиштерде сыртка эскпортолот.Даярдалган даам аз калориялуу жана диеталык азык катары эсептелет.

Ал эми соода жайларында туздалып идишке салынган 500 грам кавардын баасы 20-25 кытай акча бирдигине бааланат.