Чуулгандуу тасма экстремисттик деп табылды

Айт намаз, Бишкек, 19-август, 2012-жыл

21-сентябрда Бишкекте АКШ жана Франция элчиликтеринин алдына пландалган митингдер өтпөй калды. Ага себепкер болгон тасма экстремисттик деп табылды.
Митинг Мухаммед пайгамбар жөнүндөгү “Бейкүнөө мусулмандар” тасмасына жана француз басылмасынын карикатураларына каршы уюштурулмак.

Биринчи май райондук соту чуулгандуу тасманы экстремисттик деп таап, аны Кыргызстанда таратууга тыюу салды.

Бутага алынган элчиликтер

Жума күнү түштөн кийин Бишкектин Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан Франциянын элчилигине барып, нааразычылыктарын билдирмей болгон 20дай адамды тартип коргоо органдары элчиликтин имаратына жакын жолотушкан жок. Акциянын уюштуруучусу, "Кыргызстан чыныгы мусулмандар" союзунун лидери Нурлан Мотуевди атын атагысы келбеген, жарандык кийимчен адамдар четке чыкырып, ары барып сүйлөшүүгө көндүрүп жатышты.

Франциянын элчилигин 60-70ке чукул милиция кызматкери көзөмөлдөп турушту. Ушундан кийин митингге келген аз сандагы адамдар тарап кетти.

Нурлан Мотуев

Франция элчилигинин алдындагы митинг француз басылмасынын Мухаммед пайгамбарды мыскылдаган сүрөттөрдү чыгарганына каршы уюшулмак. Митингдин уюштуруучусу Нурлан Мотуев тартип коргоо органдары аны өткөрүүгө мүмкүнчүлүк беришпегенин, андан ары АКШ элчилигине пландалган митинг да болбой турганын айтты.

- Баарын таратып салышты. Менин өзүмдү да бир сутканын ичинде эле үчүнчү жолу камап сала жаздады. Алар коркушту окшойт... Канча милиция турганын көрдүңөр. Француз гезит карикатура кылып, Мухаммед пайгамбарды мазактап чыгарышкан экен. Француз басылмасы эмне үчүн мындай жүзүкаралыкка барып жатат? Американыкын тыя албай жатсак, эми Францияныкы кошул-ташыл болууда.

Ушул апта башында француз “Шарли эбдо” (Charlie Hebdo) жумалык басылмасы Мухаммед пайгамбарды мазактаган шакаба сүрөттөрдү чыгарган эле.

Андан мурдарак АКШда жеке жарандар тарабынан Мухаммед пайгамбар тууралуу тартылган “Бейкүнөө мусулмандар” деп аталган тасма интернетке жарыяланган. Ал тасма ислам динин жана Мухаммед пайгамбарды мазактаган деп, ага каршы көпчүлүк мусулман өлкөлөрүндө анти-америкалык жүрүштөр уланып, АКШнын элчиликтерине кол салуулар да болууда.

Митинг эмес, мамлекет чечсин

Ал аралыкта Кыргызстанда сот “Бейкүнөө мусулмандар” тасмасын экстремисттик деп тапты. Мындай чечимди 21-сентябрда Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту чыгарды. Ага ылайык, аталган фильмди көрсөтүүгө, көбөйтүүгө жана таратууга тыюу салынып, эгер андай фактылар катталса, кармалгандар кылмыш жоопкерчилигине тартылары белгиленген.

Мындай чечим Башкы прокуратуранын доо арызынын негизинде кабыл алынды. Башкы прокуратурага Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия кайрылып, ал тасмада диний кастыкты козуткан элементтер бар экенин билдирген. Дин комиссиясынын төрага орун басары Табылды Орозалиев мындай дейт:

- Анда диний кастыкты козуткан элементтер, ошондой эле байкалбаган, жылмалап кеткен диний араздашууга чакыруу да бар. Ошондуктан биздин балдар кылдаттык менен карап чыгып, тастыктап-текшерип туруп, ошондой корутунду чыгарып берди.

Пакистандагы нааразылык акциясы, 21-сентябрь, 2012-жыл

Айрымдар “Бейкүнөө мусулмандар” тасмасы боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар чечим кабыл алып жаткандыктан, митинг уюштуруунун зарылчылыгы жоктугун айтышууда. Маселен, 20-сентябрда да “Бейкүнөө мусулмандар” тасмасы Жогорку Кеңеште да талкууланган. Анда аны Кыргызстан аймагында интернетте таратууга чек коюу боюнча депутаттар атайын токтом кабыл алып, тиешелүү мамлекеттик мекемелерге тапшырма берген.

Парламентте төраганын орун басары Төрөбай Зулпукаров жарандарды митингге чыкпоого үндөгөн болчу.

- Көптөгөн депутаттарга, анын ичинде мага дагы кайрылуулар болуп жатат. Алар “митингдер уюштурулуш керек, силер эмнеге унчукпайсыңар” деп жатышат. Бирок биз митинг болушун каалабайбыз. Ошон үчүн өз жарандарыбызга митингге чыкпагыла деп кайрылып жатабыз.

Буга чейин ал тасма боюнча бир катар коомдук уюмдар жана “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Турсунбай Бакир уулу маалымат жыйынын өткөрүп, нааразычылыктарын билдиришкен. Турсунбай Бакир уулу 25-сентябрда АКШ элчилигинин алдында митинг уюштура турганын жарыялаган.