Апрель: максатка карай узак жол

7-апрель ыңкылабынын үч жылдыгын утурлай "Азаттык" апрель сабактарын “арай көз чарай” талкуулады.
Акыркы үч жылда эмне өзгөрдү? Кыргызстан туура жолдо баратабы?
Кандуу күрөш аркылуу багындырып келаткан демократиялык жеңиштерин өлкө коргоп кала алабы? Коом ыңкылапчыл психологиядан арылып, мамлекеттик баалуулуктарды кастарлоого толук кандуу бет алыш үчүн кандай шарт, канча убакыт керек?

"Арай көз чарай" талкуусунун катышуучулары: Жогорку Кеңештин депутаты Эркингүл Иманкожоева, Убактылуу өкмөттүн төрага орун басары, азыркы экономика жана өнүгүү министри Темир Сариев жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, журналист Бегаалы Наргозуев жана угармандар менен чогуу жооп издеди.

“Азаттык”: Ыңкылап максатына жетпей калды деп, баатырдык төш белгисин ыргытып жиберген Кайып Шер сыяктуулар чыкты. Ал эмес БЭКтин башында тургандардан “тойдум байдын кызына”, кайра баштан чыныгы элдик бийлик орнотом деп, шымалангандар болууда. Мародерчулук кылды деген айыптоолор бир топ ызы-чуу жаратты. Бул эмне, ыңкылаптан жана ыңкылапчы саясий күчтөрдөн кеткен өксүкпү, кайсы жерден алешемдик кетирди?

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:



Темир Сариев: Эми чынын айтыш керек, апрелдин астында ар түрдүү күчтөр биригишкен. Алардын негизги максаты – үй-бүлөлүк, коррупциялашкан, кылмыштуу бийликти жыгыш керек болчу. Ал жыгылды. Бирок ошонун ичинде кээ бирлеринин ар кандай ойлору бардыр.

Мародерлук деле уюшулган болуп кетти да. Ошол Бакиевди жыгам деп келгендер уюштурган жок. Башка бир күчтөр чыга калышты да. Эми анын бардыгын тартип коргоо органдары талдап, изилдеп чыгып, иш козгоп, тийиштүүлөрүн жоопко тартышы керек. Бардык эле ошол кооптуу учурдагы окуяларды карап көрсөңөр оң жагы дагы, терс жагы дагы бар. Мен бардыгы сонун болду деп айтпайм.

Ошол 7-апрелдин бир жылдыгын, эки жылдыгын белгилеп атканда элдин астына чыгып, аткарылбаган иштерибиз үчүн кечирим сурайбыз деп айткам. Анткени биз бир нерсени багыттап келгенбиз. Бирок ошол учурда болгон окуялар көп нерсеге мүмкүнчүлүк бербей калды. Убактылуу өкмөт болгону үч жарым ай отурду. Андан кийин Конституцияны кабыл алгандан кийин шайлоого кеттик. Бардыгына тең шарт түзүп берип, биз шайлоого кеттик. Ошол өтөт деген партия өтпөй калдык. Ошол тең түзүлгөн мүмкүнчүлүктөн болду.

Бегалы Наргозуев: Үй-бүлөлүк башкаруу жыйырма жылдан бери орноп келатканын өзүңүздөр билесиздер. Бул оппозициянын алдыга коюп алган лозунгу эле. Негизи бул мамлекеттик төңкөрүштүн болушуна башка себеп болгон. Бийликке умтулуу болду.Ошол максатка бул лозунг болуп берди. Тышкы күчтөр да буга жардам берди. Муну моюнга алыш керек. Ошол көптөгөн себептерден колу таза эмес кишилер бийликке күч менен келип алган үчүн бүгүн ошол эле Бекназаров, Эркин Бөлөкбаев айтып аткан максаттар аткарылбай калды. Аны биз айтып аткан жокпуз, ошол эле революциячылар өздөрү айтып атышпайбы.

Эркингүл Иманкожоева: Бакиев бийлиги тушунда канча журналист каза болду? Канча кишини өлтүрүштү? Азыр каалаган убагында микрофон ачык.

Парламентте оппозиция мына бюджет комитетин Акматбек Келдибеков жетектеп отурат. Ал киши Бакиевдин убагында иштеген, канчалаган акчалар боюнча дооматтар чыгып атат. Болбой эле жетектеп атышат го. Элдин баары каалаган микрофондо сөздөрүн айтып атышат. Мунун эмнеси жаман? Мен июнь окуясы болбогондо Кыргызстан дагы алдыга кыйла жылып кетмек деп ойлойм.