Мунапыс маселенин баарын чечпейт

Эгемендиктин 20 жылдыгына карата жарыяланган мунапыс менен 3 миңдей адам эркиндикке чыгаары айтылууда.

Кыргызстанда эгемендиктин 20 жылдыгына карата жарыяланган мунапыс боюнча, камактагылардын алгачкы тобу боштондукка чыкты.
Бул жолу дээрлик 3 миңден ашык адам эркиндик алат. Бирок расмий маалыматтар боюнча, эркиндик алгандардын 80 пайыздан ашыгы белгилүү бир убакыт өткөндөн кийин кайрадан түрмөгө түшөт. Бул жакта иликтеп, алдын ала аракет көргөн мекеме уюмдардын жоктугу, коом ичинде камалып чыккандарды өгөйлөө мамилеси, алардын жөн-жай турмушка аралашып кетишине кедергисин тийгизүүдө.


20 жылдыктын урматына жарыяланган мунапыс


Быйыл СССРдин таркап кеткенине, анын натыйжасында жаңы эгемен республикалар пайда болгонуна 20 жыл болду. Андыктан постсоветтик аймактагы бир топ республикаларда бул өзгөчө датага карата түрмөдө жаза аткарып жаткандарга мунапыс жарыяланды.


Талкууну толугу менен ушул жерден угуңуз.




27-августта Түркмөнстанда түрмөлөрдөн 3700 адам эркиндикке чыгарылды. Арменияда болсо ушундай эле мыйзам майдын этегинде күчүнө кирди. Анын натыйжасында абактардан толугу менен бошотула турган 396 адамдын ичинде оппозициянын өкүлдөрү да болоору айтылган. Көз карандысыздыктын 20 жылдыгына карата Казакстанда да мунаспыс тууралуу мыйзам даярдалып жатат. Ага 14,5 миң адам камтылат дешкен. Тажикстан өз эгемендигинин 20 жылдыгын ушул аптанын жума күнү белгилейт. Бул өлкөдө быйыл СССР кулагандан берки эң алкактуу мунапыс жарыяланды – ал 15 миңдей адамга таркатылат, 4 миңи бошотулат.

Кыргызстанда эгемендиктин 20 жылдыгына карата президент Роза Отунбаева 20-июлда “Мунапыс жөнүндөгү” мыйзамга кол койду. Ал жалпысынан абактарда отурган 8407 адамга тиешелүү экени, алардын ичинен 3100 адам эркиндикке чыгарылып, калгандарынын мөөнөтү кыскартылаары айтылган. Мунапыс боюнча мыйзам 3 айдын ичинде аткарылууга тийиш. Демек, июлдун жыйырмасынан тарта эсептегенде, август, сентябрь, анан барып - октябрдын 20-сына чейин аткарылышы керек.

Бул маселени талкуулоо үчүн Бишкектеги студиябызга Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын атайын бөлүмүнүн башчысы - Бакытбек Термечиков, Жаза аткаруу кызматынын алдындагы коомдук байкоочу кеңештин төрайымы - Чолпон Өмүрканова келди.


Мунапыска кимдер туш болот?


“Азаттык”: Азыр иш кайсыл стадиясына жетти, канча адам бошотулду, Бакыт мырза?

Бакытбек Термечиков: Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндөгү мыйзам биздин президентибиз тарабынан 19-июлда кол коюлган жана 22-июлда мыйзамдуу түрдө күчүнө кирди. Бул мыйзамды биз 3 айдын ичинде толук аткарышыбыз керек. Жалпы прокуратурага санкцияга 3 миңден ашык соттолгон адамдардын өздүк делолору жөнөтүлдү. Алардын ичинен бир жарым миңден ашыгына чечим чыгарылып, мыйзам ишке ашырылды. Калган соттолгондордун өздүк делолору даярдалып бүгүнкү күндө такталууда.

“Азаттык”: Алгачкы угарманыбыз телефон чалды, ошону угалы.

Нурлан: Мен Бишкектин тургуну болом. Кайсы статьяларга тиешелүүлөр бошотулат?

Бакытбек Термечиков: Мыйзамдын негизинде чоң коркунуч келтирбеген жана оор эмес кылмыш жасаган адамдарга кылмыш жаза жоопкерчилигинен бошотулат. Эгер оор жана өзгөчө оор кылмыш жасаган болсо алардын өтөлө элек жазалары кыскартылышы мүмкүн.

“Азаттык”: Чолпон айым, сиздер жакында августтун ортосунда республикадагы бүт түрмө, абактарды текшерүүнү баштадыңыздар. Айталы, мунапыс албай калгандар, бирок өзүн ага татыктуумун деп эсептегендер арызданганга укугу барбы? Кимге арыздана алат? Мунапыс жарыялана турган адамдарды ким тандайт? Канчалык акыйкат болушу мүмкүн?

Чолпон Өмүрканова: Албетте ар бир адамдын арызданууга укугу бар. Бирок мыйзам түрүндө мунапыска туура келбесе арыздана албайт. 5-августтан баштап коомдук байкоо кеңеши Кыргызстан боюнча түрмө мекемелеринде мониторинг баштадык. Ысык-Көл жана Нарын өрөөнү менен бүтүрдүк. Кечээ Жалал-Абад жана Ош өрөөнүн бүтүрүп келишти. СИЗО колониялары текшерилди. 12-сентябрдан баштап Чүй өрөөнү жана Бишкек шаарынын түрмө мекемелерин мониторинг жасап бүтүрөбүз. Коомдук кеңеш бир топ жаза аткаруу мамлекеттик кызматына жардам берип атабыз. Мунапыс боюнча атайын маалыматтык буклеттерди жасап, азыркы күндө типографияда даяр болуп калды. Биринчи күндөн баштап ар бир түрмө мекемелерине таркатып беребиз. Мамлекеттик уюмдар августтун 15-17не чейин эки семинар өткөрүштү. Семинарлар атайын социалдык кызматкерлер үчүн болчу, алар түрмө тармагында иштешет. Биздин адвокаттар атайын маалымат беришти.

“Азаттык”: Дагы бир угарман телефон чалып атат.

Жеңишбек: Неберебиз жакында бир иш менен кесилип, кара жумуш берип койду. Кара жумуштан бошотулабы?

Бакытбек Термечиков: 43-12-20 телефонуна чалсаңыз, толук жооп беребиз.

“Азаттык”: Мунапыска илине тургандардын тизмесин түзүү учурунда паракорлук болбошу үчүн, тандоо процесси таза өтүшү үчүн кандай чаралар көрүлүп жатат, Бакытбек мырза?

Бакытбек Термечиков: Бул мыйзамга жата тургандарга тизме түзбөйбүз. Бул мыйзам ар бир соттолгон адамга өзүнчө каралат. Алардын өздүк делосун изилдеп, таанышып туруп, эгер жатпаса соттолгон адамды чакырып эмне себептен бул мыйзам ага таркатылбайт, ошону түшүндүрүп беребиз. Эгер өтөлө элек мөөнөтү кыскартылса, прокуратура бекиткенден кийин, ар бир түрмөдө отурган адамга маалымат беребиз. Бизде коомдук байкоочу топтор бар. Эгер андай мыйзам бузуулар болсо арызданганга ар бир соттолгон адамдын укугу бар. Андай көрүнүш жок бизде, фактылар болсо айтыңыздар, биз жооп беребиз.

“Азаттык”: Чолпон айым, паракорлукка жол берилбейби, сиздер аны көзөмөлдөйсүздөрбү?

Чолпон Өмүрканова: 15-майда биздин байкоочу кеңешибиз уюшулган. Ошондон бери жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын ар бир жаңы чыккан мыйзамын, иштеп аткан иштерин изилдеп, мониторинг өткөрүп атабыз. Ошондуктан азыр Жаза аткаруу кызматында кандай жакшы өзгөрүүлөр болуп атат, анын баарын көрүп атабыз. Ар бир мамлекеттик кызматтын ичинде паракорлдук бар. Мунапыс боюнча биздин коомдук кеңештин мүчөлөрү байкап атышат. Азырынча андай фактылар каттала элек.

“Азаттык”: Бакыт мырза, эми коюлган талап чын эле жакшы иштеп жатканыбы, айтор, мен бүгүн ушул мунапыска илинип жаткандардын бири менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө, баары жакшы жүрүп жатат деп айтты. Ал атын атабай эле коюну өтүндү. Азыр анын айткандарын угуп көрсөк:

- Мен 232-берене боюнча тентектик үчүн 2006-жылы бир жыл жазага тартылгам. Нарынга колония поселениеге жөнөтүшкөн. Ошондо жаштык кылып түрмөдөн качып кеткем. Издеп таппай жүрүшүп, амнистия болоорун телевизордон угуп, мен өз күнөөмдү мойнума алам деп ГУИНге келсем, алар мени 32-колонияга бөлүшкөн. Мен өзүм келген үчүн коркутуп-үркүтүү болгон жок, мыйзам чегинде документтеримди толуктап, ишке орноштуруп, жакында бошоткону жатышат. Качып коркуп жүргөндөргө айтаар элем, коркуп келбей жүргөңдөр келсе баары жакшы болот экен.


Абактан чыгып, кайра абакка...


"Азаттык:" Канткен менен мунапыс жарыяланып, түрмөдөн чыккандардын ичинде үчтөн бири кайра көп убакыт өтпөй эле түрмөгө отуруп калат. Бул, негизи, соңку жылдардагы практика көрсөткөн статистика. Эмне үчүн мындай болуп жатат, Чолпон айым?

Чолпон Өмүрканова: Азыркы убакытта Кыргызстанда социалдык-экономикалык абал бир топ оор. Түрмөдөн чыккан адамдардын көбүнүн документтери жок. Документтерди толуктап, оңдоп алыш үчүн милицияга барыш керек, анда көп кыйынчылыктар бар. Азыркы күндө түрмөдө отурган адамдарга отурган учурда паспорт берүү боюнча мамлекет тарабынан комиссия түзүлгөн. Түрмөдөн чыккан адамдарды жумушка эч ким алгысы келбейт, жашаган жери жок болсо, туугандары карабай койсо албетте кылмышка барат да, кайра түрмөгө келет. Экинчиден, адам түрмөдө бир топ жыл отурса, анын ички дүйнөсү, ою түрмөдө жөнөкөй отура бергенге көнүп калат. Үч маал тамак берет, жатаканасы даяр, иштебейт, кээ бир адамдарга ушундай жашоо турмуш жагат.

“Азаттык”: Чынында эле абактан чыккандарды реабилитациялоо, кайра кадимки турмушка көндүрүп, жумуш менен камсыздоо чоң машакаттардын бири.

Чолпон Өмүрканова: Мен түрмөдөн чыккан адамдар менен 11 жылдан бери иштеп келатам. Бул эң алгачкы көйгөйлүү маселе. Көбү иш бергиси келбей орун жок деп айтышат. Түрмөдөн чыккан адамдардын көбүнүн кесиптик аттестат, сертификаттары болот. Ага карабай алар күнүмдүк иш менен жан багышат. Мамлекеттик эмес уюмдар жардам беришет. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын социалдык кызматы бар. Колдон келишинче алар жардам берип атышат. Бирок бул маселени жакшылап жоюу боюнча мамлекеттин өзүнүн программасы болуш керек.

- Менин атым Бакыт. 97-статья 16чы 3-бөлүгү боюнча иним абакта отурду эле. Мунапыска ал жатабы, же жатпайбы?

Бакытбек Термечиков: Өтө оор кылмыш жасаган экен. Ага бул мыйзам таркатылбайт.

“Азаттык”: Мунапыс аркылуу 8,5 миң түрмөдөгү адамдын, кайсыл бир деңгээлде мыйзамдын тили менен айтканда, кылмышкердин эркиндикке чыгарылышы коомдогу коопсуздукка кандай таасир этиши мүмкүн деген суроо да жаралат да. Мунун чын эле коркунучу барбы же милиция көзөмөлдү колго ала алат деп ишенсе болобу?

Бакытбек Термечиков: Жаза өтө мөөнөтүнөн бошотула турган 3 миңдей кишинин ичинен 1800 киши шарттуу түрдө соттолгон адамдар. Алар бүгүнкү күндө боштондукта эле жүрүшөт. Алар биздин инспекцияда каттоодон алынып салынат. Жабык колониялардан 200дөн ашык гана адам бошотулат. Бул биздин коомчулукка коркунуч деле алып келбейт, алар оор эмес кылмыш кылганы үчүн соттолгон адамдар. Ал эми оор жана өтө оор кылмыш кылган адамдардын жаза өтөө мөөнөтү эле кыскартылат.

“Азаттык”: Ушул мунапыстардын жардамы, пайдасы барбы?
Бакытбек Термечиков: Бул чыккан мыйзам соттолгон адамдардын оңолгонуна дагы бир мүмкүнчүлүк берип атат. Жанагы жатак абагынан качып жүргөн адам өз эрки менен кайрылып келген, ага козгогон кылмыш иши кыскартылган экен. Калгандары да ошонун жолун жолдосо деп айтып кетээр элем.

Чолпон Өмүрканова: Мунапыс бүт маселенин баарын чечпейт. Бирок пайда бериш үчүн атайын мамлекеттик программалар болуш керек. Бизде соттор алтернативдүү санкция деп атабыз, жабык мекемелерге отургузгандан көрө жазанын башка түрлөрүн колдонушса, ошол аткарылса.

“Азаттык”: Сиздерге чоң рахмат.