Байдарка менен каноэде баары эле сүзө албайт

Кыз-келиндер арасында байдарка менен 500 метрге жарышуу.

Каноэ кайыгы менен Данил Храпунов ​жарыш сызыгына багыт алууда. 

Төрт кишилик байдарка менен жарышка чыккан өспүрүм спортчулар.

Адистер байдарка кайыгы менен сүзүүнү үйрөнүүнү тогуз жаштан баштоо керектигин белгилешет.

Кыз-келиндер арасында каноэ жарышы.

Байдарка жана каноэде жарышуу боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Олег Роганов.

Каноэ жарышчылары.

Чоңдор арасында байдарка менен 500 метрге жеке жарышуунун катышуучулары.

Каноэ кайыгын жарышка даярдоо.

Кенже топтун катышуучулары жарышка чыгаар алдында.

Тогуз жаштагы Белек Медетбеков байдаркада жарышуунун сырларын жаңыдан үйрөнүүдө.

Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруусу Сергей Пароль кенже топтогу спортчулар жарышка чыгаар алдында коопсуздук эрежелерин түшүндүрүүдө.

Жарышка чыккандардын арасында дүйнө чемпиондугунун коло байгесинин ээси, украиналык Андрей Осадчук да бар. Ал буга чейин Украина, Казакстан жана Орусиянын атынан легионер катарында мелдештерге чыгып жүргөн. Кыргызстандын чемпионатында ийгилик жаратса, кыргыз жарандыгын алып Олимпиада оюндарына жолдомо алууга күч жумшаарын айтууда.

Эки кишилик байдарка кайыгына Даниил Тетерев жана Андрей Осадчук.

Азия оюндарынын коло байгесинин ээси Александр Пароль жарышка чыгаар алдында.

Байгелер кыз келиндер жана эркектер арасында эки түрдөн тең 200, 500 жана 1000 метр аралыкта жеке, экиден жана төрттөн бир кайыкта жарышуу боюнча ойнотулду. Мелдеш жыйынтыгы менен тандалган өлкө чемпиондору дүйнө чемпиондугуна катышууга жолдомо алышат. Чоңдор арасында дүйнө чемпиондугу август айында Италиянын Милан шаарында өтөт. 

Ошондой эле олимпиада жолдомосу ноябрь айында Индонезиянын Бали аралында боло турган Азия чемпиондугунда да берилет. Ал Азия чемпиондугуна Кыргызстанда тандоо күз айларында өтөт. 

Кыргызстанда спорттун суудагы түрлөрү боюнча балдар өспүрүмдөрдүн олимпиадалык резервдеги адистештирилген окуу жайы бир гана Бишкек шаарында бар. Бишкектеги мектептин филиалы Чолпон-Ата шаарында да иштейт. СССР маалында Кыргызстанда Каракол, Каракөл, Шамалды-Сай, Кажы-Сай жана Баклыкчы шаарларында дал ушундай мектептер бар болгон. Каржы тартыштыгынан улам аталган мектептер ишин токтоткон.