Кыргызстандагы орус жарандарынын добуш берүүсү

Бишкектеги Орусиянын элчилигинин алдында президентти шайлоого добуш берүүгө келгендердин узун кезеги пайда болду.

Добуш берүүгө келгендер Манас көчөсүн бойлой кезекте турушту. Ушундай эле кезек күтүүлөр эртең менен Ош шаарында байкалган.

Орусияда 2012-жылы өткөн президенттик шайлоодо Кыргызстандагы орус элчилигинин шайлоо участокторуна 12 миңдей киши келип добуш берген.

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашкандай, Кыргызстандан орус президентинин шайлоосуна 56 байкоочу көз салууда.

Орусияда президенттикке сегиз адам талапкерлигин койгон.

Кыргызстандын аймагында Орусиянын 20 миң жараны консулдуктун каттоосунда турат.

Добуш берүүчүлөр.

Добуш берүүгө келгендер Манас көчөсүн бойлой кезекте турушту.

Орусиянын президентин шайлоого байланыштуу Кыргызстанда алты добушкана ачылган. Алар Бишкек, Ош, Кант, Каракол, Чолпон-Ата жана Кара-Балта шаарларында жайгашкан.