Орусияда кыздарга кордук көрсөткөн "Патриот"

Орусияда айрым кыргыз кыз-келиндерди жүрүм-туруму үчүн кордоп-кодулаган кыргыз жигиттеринин “Патриот” деген тобу пайда болду.
Алардын кыздарды башка улуттун өкүлдөрү менен мамиле курду деп айыптап, жылаңачтап ур-токмок менен суракка алган видеолору интернетке байма-бай чыга баштады.

Коомчулукта кыргыз жигиттеринин мындай жосунсуз жоруктарын кылмыш катары баалап, эрдик эмес, кордук дегендер көп.

Интернетке жарыяланып жаткан видеолордун мазмуну негизинен окшош. Беттерин көрсөтүп-көрсөтпөгөн жигиттер кыздарды энеден туума жылаңачтап алып, башка улуттун өкүлдөрү менен мамиле курганын, бузукулукка барганын айтып, ур-токмокко алышат. Кыздардын аты-жөнүн, каяктан болорун толук сурап, атүгүл паспортторунан бери көрсөтүп салган учурлар бар.

Бул видеодогу кызды муунтуп, бычак такап жүрөгүнүн үшүн алып, дүкүлдөтө тепкилеп, омуроолоп, ыплас сөздөр менен суракка алып жатат:

- Эмне жүрөсүң? Жооп бер, эмне жүрөсүң? Москвага эмнеге келдиң?

- Иштегени...

- Колуңду ары жакка түшүр. Кыздарга кеңешиңди берип кет. “Кыздар, эжелерим-сиңдилерим эч качан мендей болбогула” деп айт.


Орусиядагы кыргыз кафеси

Экинчи видеодогу кыз кышында карда эшикте кийимсиз, буту байланып турат. Аны ырайымсыз суракка алгандар кыргыз кыздарын тескеген “Патриот” деген уюмдан экенин айтышууда.

- Кыргыздын кыздарынын абийирин кетирбейли деген “Патриот” аттуу уюм ачылды деп уктуң беле? Сага окшогон Сапаргүл дегенди уктуң беле? Ошону ким тартканын уктуң беле?

- Мен минтип жүргөн эмесмин, ака...

- Анан? Колуңду түшүрүп сүйлө. Колуңду түшүрүп сүйлөбөсөң желкеңден басам. Канчанчы жылы туулгансың? Туулган күнүң кайсы? Никең барбы, же жокпу? Эриң барбы? Каякта? Эриңдин аты ким?


Ушундай мазмундагы алгачкы видео интернетте эки айдай мурда чыккан. Азыркы кезге чейин кордолгон кыздардын бирөө да тартип коргоо органдарына кайрылган эмес. “Патриот” деп аталган топко кабылган кыз-келиндердин андан аркы тагдыры да белгисиз.

Тапса болобу?

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Болот Жунусов “Азаттыктагы” маегинде жабырланган тарап арыз менен кайрылмайынча тартип коргоо органдары чара көрбөй турганын айтты. Элчи балдардын жосунсуз жоруктарын айыптады:

- Ал боюнча биздин консулдук бул жактагы Ички иштер министрлигине ушундай кишилерди таап бергиле деп кат жөнөткөн. Юридикалык жактан жабыркаган адам өзү арыз бериш керек экен. Ошол биринчи видеого чыккан кыздын туугандарын консулдук бөлүмдүн балдары табабыз десе, алар биз анын кайда экенин билбейбиз деп айтышып, ошону менен табылбай калган. Эми дагы жаңы ролик чыгыптыр. Бул балдар туура эмес жолду тандап алышыптыр. Ур-токмок менен адамды өзгөртүү кыйыныраак. Кыргыздын намысын коргойбуз деп атышат да, кыргыздын кыздарын мыкаачылык менен кыйнап, аны тартып алып интернетке жарыялап, жылаңач көрсөткөнү баатырлык эмес.

Кыргызстандын тартип коргоо органдары да бул окуяларды тергеп-иликтей албай турганын билдирүүдө. Ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев “Азаттыкка” мындай фактылар башка өлкөдө катталгандыктан ал жактын макулдугусуз оперативдүү иштерди жүргүзүү мүмкүн эместигин айтты:

- Биз барганда деле башка өлкөнүн аймагында иштей албайбыз. Орусиянын ИИМине расмий арыз менен кайрылуу керек. Анан алар өздөрү издеп табат. Эгер кайрылуу болсо, биз орус ИИМине "мындай деген факттар чыгып атат, ушуну карап коюңуздарчы" деп кагаз жөнөтөбүз. Эгерде алардан бизге чогуу оперативдик иликтөө тобуна кошулуп иштөө тууралуу сунуш келсе, анда барабыз. Болбосо биз барганда эч нерсе кыла албайбыз.

"Жазалаба, жардам бер"

Москвадагы “Кыргыз биримдиги” коомдук уюмдун жетекчиси Абдыганы Шакиров проблеманын чечүүнүн жолдору караштырылып жатканын айтып берди:

- Көп жаштарыбыз сөз укпай, бир жерде жакын-жакын жашашпай, өз билгенин кылып кетип жатпайбы. Бул боюнча Москвада үч аялдын үч коому иштеп жатат. Жакында эле, 4-майда дагы бир жолу ушул маселелер боюнча чоң сөздөр болуп, талкуу өткөн.

Социолог Топчугүл Шайдулаева бул кыргыз коомунун көйгөйү экенин белгиледи:

- Эне сүтү оозунан кете элек кыздар ошол жакка барып жатпайбы. Ошондой жерге жөн эле ыргытылып калып жатат. Эгер кыргыздын жигиттери ушундай намыскөй болсо, кыргыздын кыздарын коргойм десе, алар антип сабап жазалагандын ордуна, колдон келсе аларды жумушка киргизгенге, жатар жерин таап бергенге, туура жолго салганга аракет кылып, башкача жол менен иштесе болот. Уруп-соккон, тепкилеген патриоттулуктун үлгүсү эмес. Адам укугунун алкагынан алганда, бул - кылмыш.

Ушул тушта он миңдеген кыргыз кыз-келиндер Орусияда жашап, иштеп жүрөт. Алардын дарегине башка улуттун өкүлдөрү менен оңду-солду мамиле курат деген доомат көп айтыла баштады. Ушундай көрүнүштөрдөн улам парламентте 22 жашка чыкмайынча кыздарды жалгыз четке чыгарбоо сунушу да айтылган.

Антсе да серепчилер бул эң ириде социалдык маселе экенин, мамлекет кыз-келиндерин жакшы багып, көңүл бурмайынча мындай көрүнүштөрдү азайтуу кыйын болоорун белгилешүүдө.