Аял үйдүн да, мамлекеттин да куту

Кыргызстанда калктын 53 пайызын аялдар түзөт.

Бүгүн 8-март аялдардын эл аралык күнү. Бул күндү дүйнө элдери 1910-жылдан бери белгилеп келишет. Кыргызстандык аялдардын азыркы коомдогу орду кандай?

Учурда аялдар дээрлик бардык тармакта иштеп, коомдун жүгүн көтөрүп келатат. Чет жерлерде миграция агымында жүргөндөр да арбын. Жогорку Кеңештин “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев аялдардын мамлекет үчүн салымы зор экенин белгиледи:

- Бүгүн өкмөттүк эмес уюмдарда, массалык маалымат каражаттарында лидер айымдар көп. Эгемендик жылдарында соода-сатыкка биринчи болуп аялдар кадам таштаган. Миграция агымынын башында туруп, үй-бүлөнү багуу үчүн сыртка кеткендердин да көбү айымдар эле. Биздин эл ата-бабабыздан келе жаткан кыз кишини сыйлап, бийик туткан салтты улап келүүдөбүз. Орто Азия элдеринин, анын ичинен мусулман өлкөлөрүнүн арасынан кыргыз кыздары прогрессивдүү ой жүгүрткөндүгү, эркиндикти сүйгөндүгү жана билимдүүлүгү менен айырмаланат. Келечекте Кыргызстандын тарыхында, өлкөнү өнүктүрүүдө айымдардын орду эбегейсиз деп эсептейм.

Кыргызстанда калктын 53 пайызын аялдар түзөт. Бирок ошондой болгону менен мамлекеттеги жетекчилик кызматтарда иштеген аялдар аз санда.

Роза Отунбаева

2010-жылы айымдар арасынан алгачкы президент болгон Роза Отунбаева жакында эле Бишкекте өткөн форумда аялдардын статусун көтөрүү зарылдыгы тууралуу айтты. Экс-президенттин билдиргенине караганда, учурда жергиликтүү кеңеш депутаттарынын 13 гана пайызын аялдар түзөт. Аялдар кызматка кыйынчылык менен көтөрүлөт. Азыр бир да окуу жайда аял ректор жок.

Учурда өкмөткө караштуу 15 министрликтин үчөөнү, Башкы прокуратураны, Жогорку Сотту, Талас жана Жалал-Абад облусундагы өкмөттүн өкүлчүлүгүн айымдар жетектейт. Жогорку Кеңеште 120 депутаттын арасынан 22си аял депутаттар. Пайыздык көрсөткүч менен алганда 20 пайызга жетпей калат. Конституцияга ылайык, айымдар Жогорку Кеңеште 30 пайызды түзүшү шарт.

2010-жылдагы шайлоо тизмесинде ар бир төртүнчү талапкер бир жыныстан болбосун деген шарт киргизилгени менен бул ченем аткарылбай калган. Буга байланыштуу эгерде парламенттеги аял депутат, министр болуп же башка кызматка которулса, анын ордун аял киши ээлеши керек деген мыйзам долбоору даярдалууда.

Аялдардын эл аралык күнүн дүйнө элдери 1910-жылдан бери белгилеп келишет.

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров аялдар мамлекеттик жооптуу кызматтарда көп иштесе, коомдо тартип, мээримдүүлүк орнойт деген ойдо:

- Аялдардын коомдогу орду чоң. Алардын саясатка, мамлекеттик иштерге аралашып жүргөндөрүнө көз карашым түз. Айымдарды бир гана саясатта эмес бардык тармактарда кезиктирүүгө мүмкүн. Алар жооптуу кызматтарда мындан дагы көп болсо, коомдо тартип, мээримдүүлүк, тазалык орнойт деп ойлойм.

Өткөн жылдын жыйынтыгы менен Бүткүл дүйнөлүк экономикалык форум жүргүзгөн гендердик теңчилик боюнча баяндамада Кыргызстанда бул жаатта абал начарлаганы дайын болгон. 147 өлкөдө жүргүзүлгөн сурамжылоодо Кыргызстан 67-орунду ээлеген. Былтыр Кыргызстан бул сурамжылоодо 63-орунда болгон.

Рейтинг төрт критерий: аялдардын саясий жана коомдук иштерге аралашуусу, билим алуу мүмкүнчүлүгү, экономикадагы орду жана саламаттыгы менен жашоо узактыгынын негизинде аныкталат. Кыргыз аялдарынын коомдогу акыбалы мурунку жылга салыштырмалуу бир аз начарлай түшкөн десек болот.

Аялдардын эл аралык күнүн дүйнө элдери 1910-жылдан бери белгилеп келишет. Ал жылы социалист аялдардын Копенгаген шаарында өткөн жыйынында Германиядагы Коммунисттик партиянын негиздөөчүлөрүнүн бири Клара Цеткин аялдардын эл аралык майрамын белгилөөнү сунуштап, аялдарды тең укуктуулук үчүн күрөшүүгө чакырган.