Балдарды кубанткан "Нептун майрамы"
Чыгыш – 5 кичирайонунда жайгашкан “Прадо” эс алуу борборунда да “Нептун майрамы” аталышындагы иш-чара өттү.
Ага Свердлов районундагы аз камсыз болгон бүлөлөрдөн 100 чакты бала катышып, 2 саатча бассейнде акысыз сүзүштү.
Свердлов райондук Билим берүү борборунун башкы адиси Дина Алымбекова иш-чарага аталган райондун 4 мектебинен 1-3-класстын окуучулары чакырылганын айтып, балдарга майрамдык маанайды акимчилик тартуулап жатканын кошумчалады.
Күндүн ысыгынан тажаган балдар үчүн 2 сааттык бассейн да аздык кылды.
Балдар инструктордун көзөмөлүндө сууга түшүп жатышты
Нептун майрамынын урматына музыка, ыр-бий жаңырып турду