Бишкекте инфаркт кылчу кофе табылды

Кыргызстандын транспорт прокуратурасы курамында адамдын ден соолугуна күчтүү таасир бере турган сибутрамин заты кошулган, арыктата турган кытай кофеси боюнча кылмыш ишин козгоду.
Эксперттер мындай кофени пайдаланган адамдын кан басымы жогорулап, конвульсия (титирөө), инфаркт, инсульт ооруларын күчөтөрүн аныктап чыгышкан.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, Бишкектин Ош базарында сатылып жаткан «Чудо 26. Худое кофенин” курамында ден соолукка зыяндуу сибутрамин заты бар экени ашкереленген. Бул тийиштүү органдар аркылуу аныкталган.

Маалыматта аталган кофени ташып келип базарга тараткандардын аты-жөнү толук көрсөтүлгөн эмес. Баш прокуратура тараткан маалыматка ылайык, кичине баштыкчада 10 граммдан салынган кофенин курамында казеин жана кофеин бир аз болсо, теңинен көбү ден соолукка зыяндуу делген сибутрамин заты болгон. Эң башкысы кофенин идишинде товардын курамында катуу таасир этүүчү заттар бар деп көрсөтүлгөн эмес.

Бул маалыматты алган соң интернеттен да ушул товарды издеп көрдүк. Анда «Кофени ичкен адам 26 күндө арыктай баштайт жана адам активдүү болуп, жүзү жакшырып, салмакты бир калыпта алып жүрүүгө жардам берет” деп жазылган. Ал үчүн бир киши күнүгө эртең менен ачкарын бир стакандан аталган кофеден ичип туруусу зарыл экени көрсөтүлгөн.

Медицинада сибутрамин ашыкча семирип кетүүгө каршы колдонулат экен. Ашыкча колдонуу нервдик анорекцияга алып келет. Бул деген тамакка табиттин жоголушу, барып-барып өтө арыктоо, өз салмагын көтөрө албай калууга чейин барышы ыктымал.

Башкы прокуратура болсо эксперттердин маалыматына таянып, мындай кофени пайдаланган адамдын кан басымы жогорулап, конвульсия (титирөө), инфаркт, инсульт оорулары күчөй турганын билдирүүдө.

Атын атагысы келбеген дарыгер “Азаттыкка” сибутрамин заты жакында эле пайда болгонун, анын организмге чоң зыян алып келерин белгиледи. Анын айтымында, кофе эч качан адамды арыктата албайт жана бул зат кошулган кофе ашказанды сезгентип, тамакты бат сиңиртет. "Адам 7-8 саат абдан активдүү болуп, ошондон гана арыкташы мүмкүн" дейт дарыгер.

Бул заттын Кыргызстан аймагына кантип кирип калганына кызыктык. Бажы кызматынын маалымат катчысчы Абдылда Малдыбаев кандай гана товар болбосун тийиштүү документтери болбосо Кыргызстан аймагына өткөрүлбөй турганын билдирди. Ал аталган кофе чет өлкөдөгү сертификат менен Кыргызстанда да даярдалышы ыктымалдыгын белгилейт.

- Бизде Бажы кодекси бар. Бул кофелер өтүп келатканда чек арадан биз жөн эле койо бербейбиз. Бажы кызматы анын дал келүү сертификатын сурайт. Сертификат чет өлкөдөн кандай келип атса да, товар кампага сакталат. Анын үйүлгүсү экспертизага жөнөтүлөт. Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматынын тыянагы менен коё берилет.

Саламаттыкты сактоо министрлигин №299 токтомуна ылайык, сибутрамин күчтүү таасир берүүчү заттардын тизмесине киргизилген жана атайын министрликтин лицензиясы менен таркатылышы керек.

Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин директору Төлө Исаков мындай кофени өткөрүү боюнча кагазга кол койбогонун жана бул маалымат такталарын билдирди:

- Прокуратура эмненин негизинде ушинтип айтып атканы мага да суроо жаратып атат. Лабораторияга жөнөттүбү, анализ бериштиби? Мен кагазга кол коюп берген эмесмин, андай өткөн эмес бизден.

Депутат, кардиолог Ташболот Балтабаев болсо учурда сырттан тамак-аш ташууда Кыргызстанда башаламан кырдаал болуп жатканын белгилейт. Балтабаевдин жүйөсүндө, ден соолукка зыяндуу каражат бир гана кофеде эмес:

- Бүгүн тамак-аш өнөр жайы Кыргызстанда көптөгөн кошумчаларды кошуп, аралаштырып, өтүмдүүлүгүн, тезирээк тарашын колдонуп атат. Жалгыз эле ушул кофе жөнүндө ойлобош керек. Азыр мындай кошулмалар Кудай ургандай көп.

Ал эми Ош базарына барып аталган кофени сураштырып таба албадык. Сатуучулар мындай кофени сатышпай тургандарын айтышты.

- Билбейбиз, биз андай сатпайбыз.

Балтабаевдин пикиринде, бул боюнча мамлекеттик чоң саясат жүргүзбөсө 10-15 жылда кесепети катуу билиниши ыктымал.

- Муну катуу көзөмөлдөш керек. Бул чоң мамлекеттик саясат. Ал үчүн атайын сертификат менен атайын лаборатория иштеш керек. Кыргызстанда азыр кайсы бурчка барсаң азыктар көрүнгөн жерде чаңга аралашып сатылып атат. Ушунун баарын жөнгө салыш керек. Анын кайдан келгени, ким алып келип таратып атканы белгисиз болуп атпайбы. Бизде мыйзамдар бар, бирок иштебей жатат. Кыргызстанда азыр ачык эле чоң башаламан болуп атпайбы.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, азыр бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, кофени саткан жеке адамдар сурак беришүүдө. Мындан тышкары өлкөгө кандай жолдор аркылуу алып келингендиги, башка кайсы соода түйүн, же базарларда сатылып жаткандыгы аныкталууда.

Айрым эксперттер сырттан келген товарлардын көбү зыяндуу экенин айтып келишкен. Буга чейин да Кытайдын ташылып келген жашылча-жемиштерде, сүт жана башка айрым товарларда генетикасы өзгөртүлгөн организмдер (ГМО), меламин бар экени айтылган.