Эшек курту мурдунан түшө электер чогулду

Иллюстрация

"Азаттыктын" "Сөз дайра" рубрикасында кыргыздын унутулуп бараткан сөздөрүнүн маанисин чечмелейбиз.

“Жайдак төш” деп коет. Ачык-айрым, даалдаган, көңүлүндө кири жок кишилерге айтылат. “Ал бечара ошондой жайдак төш жан эмес беле” дейт.

Ал эми экинчи мааниси колунда эчтекеси жок, абдан жупуну, жарды, жайсыз адамга да берилген мүнөздөмө. Түгөлбай Сыдыкбековдон мисал тартсак, “Бой тумары жок барса, шордуу жакыр кызын жайдак төш узатыптыр дешет” дейт.

“Жалаң төш” деген да бар. “Бүгүн бул жерге өңчөй жалаң төштөр чогулду” дейт. Эч нерсесин жоготпогон өңчөй кедей-кембагалдар чогулду деген мааниде.

“Жанды оозго тиштөө” деп коет. Баарына тобокел кылуу, өлөр-тирилерине карабай киришүү. “Ал жанын оозуна тиштеп иштеп келатат” дейт. Же дагы бир мааниси “Жер титирегенден коркуп калган жаныбыз, бул түнү да жаныбызды оозубузга тиштеп араң жатпадыкпы” дейт.

“Эшек курту мурдунан түшө элек” деп коет. Кыйынчылыкты көп көрө элек, кагылып-согула элек деген мааниде. “Эшек курту мурдунан түшө электин баары аткаминер болуп алышпадыбы” дейт.

“Эт менен челдин ортосунда” деген сөз бар. Эки ортодо, ал жакка да, бул жакка да ачык кошулбай, ортодо эптеп мүлтүлдөп жашаган, кошоматчылык менен күн көргөн деген маанини билдирет. “Тазалайбыз” деген менен баягылар дагы эле эт менен челдин ортосунда кала берди” дейт.

“Ыңырчагы ырдап, керегеси кердеп” деген да сөз бар. Бул абдан кедейленүү, ач-жылаңач калуу дегенди түшүндүрөт. “Кечээ күнкү ыңырчагы ырдаган, керегеси кердеген кембагалдар бүгүн жыргаган турмушка жетти" дейт.

“Ыйманы учуу” деген сөздү чечмелеп көрөлү. Коркуу, жүрөгү түшүү дегенди билдирет. “Кабат-кабат тамы туруп светке жаккан акчасын төлөбөй качып жүргөн эр-азаматтарыбыз бакыйган кызматты мыкчып отурганын көргөндө ыйманың учат экен” дейт.

“Шиш куйрук” деп коет. Бир жерге байыр алып туралбаган кишиге айтылат. “Ал даана шиш куйрук болчу” дейт.

“Сары казак болуу” деген да сөз бар. Бир нерсени абдан зарыга күтүү дегенди түшүндүрөт. “Менин колумдан келип турганда атаңа акча таап берип турганың жакшыбы же сары казак болуп жок нерсеге көзүңдү сатып кор болгонуң жакшыбы?” дейт.

“Сары багалек болуу” деген да сөз бар. Бул эгин суу тилеп калганда же бышууга жакындап калганда төмөнкү сабагы саргара баштайт. Ошону “сары багалек болду” деп коет. “Эгиндин сары багалек тартканына караганда суусагандай түрү бар” дейт.