Кыргызстан Эл аралык хоккей федерациясына мүчө болду

Орус премьери Путин Эл аралык хоккей федерациясындагы маалымат жыйынында. Братислава, 2011-жылдын 13-майы.

Кыргызстан Эл аралык хоккей федерациясына мүчө болду. Кытайда спорттун азыркы беш түрү боюнча Азия чемпионаты башталды.
Жаш балбандын күмүш байгеси

Түркиянын Анкара шаарында жаштар арасында эркин күрөштөн “Виктория” эл аралык турнири жыйынтыкталды. Мында кыргызстандык Алибек Ташматов финалга чейин жетип, күмүш байгелүү болду. Анын эки өнөгү байгеге илинбей калды. Мөрөй талашууда эркин күрөш өнүккөн Канада, Армения, Азербайжан, Болгария, Түркия, Казакстан, Орусия, Египет жана Кыргызстандын балбандары күч сынашты.

Кыргызстан - Эл аралык хоккей федерациясына мүчө

Эл аралык хоккей федерациясы Братислав шаарында Кыргызстанды расмий мүчөлүккө 70-өлкө катары кабыл алды. Бул тууралуу өлкөнүн шайба хоккейи федерациясынын президенти Анвар Оморканов “Азаттыкка” билдирип, Бишкекке уюмдун өкүлдөрү келээрин айтты.

Намысына келээр Бектемир

Нидерландия өлкөсүнүн Роттердаме шаарында үстөл тенниси боюнча дүйнө чемпионаты соңуна чыкты. Мында Кыргызстандын намысын коргогон Бектемир Исмаилов ийгилик жарата албады. Ал алгач сингапурдук, андан кийин малайзиялык аттандаштарына утулуп калды. Жеңүүчүлөргө жана арбын упай топтогон 28 спортчуга 2012-жылы Лондон олимпиадасына жолдомо ыйгарылды.

Азат - "эң мыкты мушкер"

Алматыда бокстан эл аралык турнир жыйынтыкталды. Мында кыргызстандык эки жигит экинчи жана үчүнчү орундардын ээледи. Азат Үсөналиев финалга чейин жетип, экинчи болду. Сыймык Абдылдабек уулу коло байгелүү болгонун бокстан улук машыктыруучу Адылхан Бекболотов “Азаттыкка” айтып берди.

- Ошондой болсо дагы мелдештин уюштуруучулары Азат Үсөналиевге “турнирдин эң мыкты мушкери” деген атайын сыйлык ыйгарды. Ал жарым финалдык күч сынашууда дүйнөнүн эки жолку чемпиону украиналык атаандашын утуп алды. Мелдеште 12 өлкөнүн 150дөн ашуун өкүлү мөрөй талашты. Мында Орусия, Өзбекстан Тажикстан өлкөлөрүнүн бокс чеберилери байгеге илинбей, куру кол кетишти.

Ташкентте өткөн Сидней Жексонду эскерүү эл аралык мелдешинде Мирбек Шеров филиппиндик, орусиялык, өзбекстандык атаандаштарын утуп, экинчи орунду ээледи.

Азиялык таймаш башталды

17-майда Кытайдын Чэнду шаарында спорттун азыркы беш түрү боюнча Азия чемпионатынын таймашуулары башталды. Кыргызстандык спортчулар бир нече ирет Азия чемпионатын утуп алышканы менен акыркы убактарда солгундап кеткен. Ошондуктан бул азиялык таймашууда жеңүүчүлөргө Лондон олимпиадасына жолдомо ыйгарыла тургандыктан атаандаштык курч болчудай.

Нематжан Закиров - башкы устат

Кыргызстандын футболдон мурдакы башкы машыктыруучусу Нематжан Закиров Канттын “Абдыш-Ата” командасынын устаты болуп дайындалды. Клубдун аракетине канааттанбаган өзбекстандык устат Ислом Ахмедов Ташкентке кете берди. Нематжан Закиров болсо эки ирет Кыргызстандын тандалма командасынын жетектеп, өзү дагы учурунда “Алга” командасында ойногон.

Филиппиндер өлкөсүндөгү Азиянын акыл таймашы

Учурда жаш шахматчылар Филиппиндер өлкөсүндө Азия чемпионатына катышууда. Өлкөнүн шахмат федерациясынын вице-президенти Таалайбек Иманалиевдин билдиргенин караганда, кыргызстандык жаш спортчулар үч беттешүүдө ийгиликке жетишти.

Азия акыл таймашында Максат Акунов, Жанбай уулу Жохар жана Алымбай кызы Айжан ийгиликтүү ойноп жатышат.

Балбандардын сынагы

Эркин күрөш боюнча Ташкентте Азия чемпионаты 19-майда башталат. Азия таймашына Ала-Тоодон тандалган 7 балбан барганын эркин күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев “Азаттыкка” билдирди.

Эликтей кыз-уландар мелдеши


Учурда Бишкекте спорттук гимнастика боюнча өлкө чемпионаты өтүүдө. Өлкө аймагынан 150дөй спортчу мөрөй талашып, өнөрүн көрсөтүүдө. Жеңүүчүлөр 18-майда аныкталат.