Хоккей: "Арстан"- чемпион

Спорт жаңылыктары: Хоккейден өлкө чемпиону аныкталды. Волейболдон Бишкек шаарынын биринчилиги жыйынтыкталды. Улуттук спорт мектеби ачылды.

Москвада Азамат Алгожаев жеңди

Москвада өткөн кикбоксинг турниринде кыргызстандык Азамат Алгожаев жеңишке жетишти. Азамат 57 кило салмакта күч сынашып, орусиялык Иван Винниковду үчүнчү раундда эсин оодара сокту. Кыргызстандык эки жигит чейрек финалда чыкпай калышты. Эмки мелдеш Москвада 30-мартта болмокчу.

Азем бий чемпионаты

26-февралда спорттук азем бий боюнча өлкөнүн ачык чемпионатынын финалы болду. Мында Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандан 150 жуп өнөрүн көрсөттү. 10 бий категориясы боюнча Максим Сусликов менен Рамина Бикбаева эки алтын медалдын ээси болушту. Европа бийлерин бийлөөдө Роман Капусин менен Перизат Шералиевага теңдеш чыкпады.

"Арстан" командасы - чемпион

26-февралда Бишкектеги шаардык муз айдыңында шайба хоккейинен өлкө чемпиондугу үчүн финалдык беттешүүлөр өттү. Финалда Нарындын “Ала-Тоо” командасы менен Бишкектин “Арстан” клубу беттешип, 6:5 эсебинде бишкектиктер жеңип, 2012-жылдын чемпиону аталды. Өлкөнүн үч жолку чемпиону Ак-Түз айылынын “Горняк” командасы бул ирет үчүнчү орунга илинди.

Хоккей федерациясынын вице-президенти Бакыт Иманалиевдин пикиринде, жыл өткөн сайын бул оюнга кызыгуу артып, командалардын деңгээли өсүп баратат.

Чемпионаттын биринчи, экинчи бөлүгү былтыр сентябрь жана декабрь айларында өтүп, анда Чүй облусунун Ак-Түз айылынын “Горняк” командасы арбын упай топтоп, алдыга чыккан. Мында Кыргызстандын 9 командасы үч тур менен мөөрөй талашты.

Волейбол: "Динамо" - биринчи

26-февралда волейбол боюнча Бишкек шаарынын биринчилиги жыйынтыкталды. Мында баш байгени Ички иштер министрлигинин “Динамо” командасы жеңип алды. Кыргызстандын көп жолку чемпиону “Салам-Алик” командасы бул ирет экинчи болду. Сокулук айылын “Улар” клубуна коло байге буйурду.

Борбор шаардын биринчилиги үчүн 10 команда күч сынашканын башкы калыс Абдыганы Калыков “Азаттыкка” айтып берди.

Ошондой эле 45 жаштан жогорку курактагылардын да волейбол мелдеши да соңуна чыкты. Мында 12 команда 4 күн мөөрөй талашып, жыйынтыгында Бишкектин “Спартак” командасы биринчи орунду камсыз кылды. “Ардагерлер” командасы экинчи, “Жалал-Абад” командасы үчүнчү болду.

Дзю-до: Лондонго бир жолдомо

Кыргызстандын дзю-до чеберлери Европадагы турнирлерди жыйынтыкташты. 26-февралда Чехиянын борбору Прагада өткөн дүйнөлүк кубокко 5 спортчу катышты. Алардан 66 кило салмактагы Ислам Баялинов гана айырмаланды. Ал татами үстүнө 4 ирет чыгып, үч жолу польшалык, англиялык жана кореялык атаандаштарын утту. Жарым финалга чыгуу үчүн таймашта француз Клементий Жукевичке алдырып койду. Бул тууралуу дзюдо федерациясынын вице-президенти Эмил Рыскулов “Азаттыкка” маалымдады.

Быйыл жайында Лондондо өтө турган олимпиадага жолдомо алуу үчүн дзю-дочулардын упайлары саналып, Эл аралык федерация кимдерге жол ачаары июнь айына чейин чечилип калат. Азырынча Чыңгыз Мамедовдун гана Лондон олимпиадасына жолдомосу бар.

Улуттук спорт унтулбайт

Бишкекте спорттун улуттук түрлөрү боюнча балдар спорт мектеби ачылды. Улуттук спорт мектебинин ачылыш салтанатына арналып, кулатуу мелдеши өттү. Мында 12 команданын 112 спортчусу күч сынашып, жаңы уюшулган мектептин командасы жеңүүчү деп таанылды.

24-февралдан бери ат спорту боюнча Бишкек шаарынын чемпионаты өтүүдө. Мелдеш 29-февралга чейин улантылат. Мында ат спорту менен алектеген элүүгө жакын спортчу өнөрүн көрсөтүп жатышат.