Триатлон боюнча көл жээгиндеги жарыш

Триатлон боюнча Азия Кубогу жана Борбор Азия чемпионаты быйыл Кыргызстанда экинчи жолу өтүп жатат. 

Мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Украина, Өзбекстан, Монголия, Кытай, Сирия, Жапония, Тайвань жана Катар мамлекеттеринин атлеттери катышты. 

Триатлондо спортчулар алгач сууда сүзүп, андан соң велосипедде мерчемделген аралыкты басып өтүп, маара сызыгына чейин чуркап келиши керек. 

Мелдеш эки күнгө созулуп, биринчи күнүндө чебер спортчулар арасында төрт категорияда: 15 жашка чейинки кыздар жана балдар, эркектер жана айымдар арасында жарыштар өттү.  

Чебер спортчулар 750 метр аралыкты сууда сүзүп, 20 чакырым аралыкты велосипедде жана дагы 5 чакырымды чуркап өтүштү.   

Спорт ышкыбоздору үчүн да жарыштар уюштурулуп алар 1500 метр аралыкты сууда сүзүп, 40 чакырым велосипедде калган 10 чакырымды чуркап өтүштү.

Азия Кубогу жана Борбор Азия чемпионатын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги Кыргызстандын триатлон федерациясы менен биргеликте өткөрдү. 

Олимпиадага даярдоо дирекциясынан мелдешти өткөрүү үчүн 1 миллион 147 миң сом бөлүнгөн.

Кыргызстандын атынан катышып жаткан спортчу. 

Мелдештин жеңүүчүлөрү. 

15 жашка толо элек кыздар арасындагы жарышта кыргызстандык Милана Приходько алтын медаль тагынды. 

Ысык-Көлдө триатлон боюнча Азия Кубогу жана Борбор Азия чемпионаты жыйынтыкталды. Мелдешке 10 мамлекеттен 300дөн ашык спортчу катышты.