"Күз деми": шамал менен жарышкандар

Чуркоо Бишкектин четиндеги “Аска-Таш” мемориалдык комплексинен башталып, “Манас” аэропортуна чейин уланды.

Жөө күлүктөр 5, 10, 21 жана 42 чакырым аралыкта күч сынашты.

Быйыл 42 чакырым аралык да киргизилип, "Күз деми" эл аралык марафонго айланды. Буга чейин эң алыс аралык 21 чакырым болчу.

Күн бүркөлүп, жамгырдын себелеп жааганы жөө күлүктөргө тоскоол болгон жок.

Катышуучулардын жаш курагы чектелген эмес. Ошондуктан чуркагандардын арасында апаларды да көрүүгө болот. 

Эл аралык марафонго 20дан ашуун мамлекеттен келгендер жарышка түшкөнүн, алардын арасында майыптар да бар экенин уюштуруучулар билдиришти.

Марага биринчилерден болуп келгендер диплом, акчалай сыйлык жана баалуу байгелер менен сыйланды. 

7-октябрда "Күз деми" деп аталган марафон өттү. Ага бир жарым миңден ашуун жеңил атлетика ышкыбоздору катышты.