“Жаңылануу” марафону, тынчтык жарыштары

1-майда Бишкек мэриясы, “Эреп” бейөкмөт уюму жана АКШнын эл аралык өнүктүрүү долбоору тынчтык жарыштарын өткөрдү.
1-майдагы майрамдык маанай тартуулаган тынчтык жарыштары саат 10до башталып, Ала-Тоо аянтында аяктады.

АКШ жаңы конуштардагы жаштарды тынчтык жарыштарына катышуусуна колдоо көрсөткөнүн USAIDдин Өткөөл мезгилдеги демилгелер программасынын өкүлү Эшли Моретц “Азаттыкка” билдирди.

- Бул долбоор Америка эли USAID аркылуу каржылаган көптөгөн долбоорлордун бири. Чынында спортко бардык жаштар кызыгат. Ошондуктан 1-майда аба ырайы да жакшы болуп, жаштарга майрамдык маанай тартуулап жатабыз. 48 жаңы конуштардан жаштар, балдар келип жарыштарга катышууда. Жаштар активдүүлүгүн көрсөтүп, спорт достукка, ынтымакка данакер болду. Эми Бишкекте жаштар үчүн күлкү фестивалын жана КВН өткөрөбүз.

500 жана 1000 метрге жарыштарга катышып, мөрөй алышкан жаштар, мектеп окуучулары ден соолук үчүн спорттун зарылдыгын “Азаттыкка” айтып беришти.

Кесиптик-техникалык окуу жайларынын өкүлдөрүнүн жарышында Бишкектеги 18-лицейдин окуучусу Табылбек кызы Жылдыз марага экинчи болуп келди.

Жылдыз келечекте олимпиада, дүйнө чемпиону болуп, Кыргызстанды дүйнөгө таанытсам деген тилекте.

Жаңы конуштарда “Жаңылануу” долбоорун ишке ашырып жаткан “Эреп” бейөкмөт уюмунун жететекчиси Мирзат Ажиев ушундай мелдештер көп өтүп турса деген тилегин билдирди.

Бишкек шаардык спорт комитетинин төрагасы Шейшенбек Бакиров 1-майдагы майрамдык маанай тартуулаган мелдештерге 2 миңдей улан-кыз, жаштар, спортчу катышканын айтып, “бул жарыштар ден соолукка чакырык болду” дейт.

Алтын, күмүш жана коло медаль тагынып, баалуу белектерди алган жаштар өздөрүн дүйнө, олимпиада чемпиондорундай сыяктуу сезишип, жаркын майрамдык маанайда кубанычтуу кайтып баратышты.