Жаздын ар бир күнү алтынга тете

Жалал-Абадда жазгы талаа иштери күч алды.

Фермердин үлүш жеринде иштеп жаткан отуздан ашык жумушчунун көбү аялдар.

Ар күнү ишке саат тогузда келип, кечки сегизге иштеген дыйкандар күнүнө 400 сом эмгек акы алат.
 

 Аялдар кетмен чаап, темир зымдарды парникке даярдап, оор кетмен менен көчөт эккенге жер казышат.
 

Бир үй-бүлөдөн аялы, кыздары менен келген адамдар да бар. Баары жергиликтүү тургундар.
 

Бул 3 гектар жер фермер Алмаз Төрөкановго таандык. Ал жерде болгар калемпири менен помидор өстүрөт.
 

Бул 3 гектар жер фермер Алмаз Төрөкановго таандык. Ал жерде болгар калемпири менен помидор өстүрөт.
 

Болгар калемпириинин бир килограммын 12 сомдон 85 сомго чейин сатса, помидорун 20 сомдон саткан. Анын түшүмүн талаадан эле Казакстанга экспорт кылган ишкерлер дүңүнөн сатып алып кетишет.
 

Эки гектар жерге 60 миң даана көчөт керек. Аны фермер декабрь айынан баштап күнөсканада өстүргөн.
 

Өзбекстан чек арасын ачкандан бери жашылча-жемиштер импорттолуп, жергиликтүү дыйкандар өстүргөн жашылчалардын баасы арзандап кетти.