Жер жылдызы Жерге-Тал: Сталиндин "уулу"

Махмаражат Раимкул уулу Жерге-Талдын Сары-Кенже айылында жашайт

Раимкул Кытай менен соода кылган молдолугу бар адам болгон. Энеси Оролмо Баткендин Көк-Суусунан эле. Сталиндик репрессиялар башталып, сабаттуу, анча-мынча оокаттууларды бир четинен НКВД кармап кетип жаткан шойкомдуу заманда ал эки кызын, боюнда бар аялын таштап, атын минген бойдон кетип, кайтып келген эмес. Энесинин боюнда калган баласы Махмаражап 80ге чыкканда гана атасы ооган Памирине кетип, 1960-жылдары көзү өткөнүн билди.

Биз келгенде Махмаражап аксакал короосунда жүрүптүр. Көгүш чатыраш көйнөгөнүн үстүнөн боз кемсел кийген, шымы күндөн бозоргон, башында ак кийизден жасалган топу. Күнөстүү чакан короонун күңгөй тарабында саман кирпичтен салынган жепирейген үй, капталында кепе. Кире бериште эскилиги жеткен, дөңгөлөктөрү жок сары чакан автобус. Оң тараптагы кенен айдыңда чоң үйдүн пайдубалын салып жатышкан экен. «Бул жаңы үйүбүз, тиги тарабы дүкөн болот» деди чүкөдөй болгон аксакал.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Сталиндин жергеталчы уулу

Энеси гүлгүндөй жаш кезинде тирүүлөй жесир калып, үч баласына жарытылуу билим бере албаптыр. Күйөөсү дайынсыз кеткенден калган оокат-кечегин совет бийликтери тартып алгандан кийин көп жылдар сурак берип жүрөт. Мончоктойунан баш кошкон эри чек аранын эле ары жагында башка аял алып, бала-чакалуу болгонун билбеген бойдон, элүү жашка чыкпай, көзү өтөт.

Тирүүлөй жетимн Махмаражаптын (оңдо отурат) балалык чагынан бир элес

Махмаражап аксакал шопур болуп иштеп, 13 уул-кызын колунун келишинче окутуп, чокутту. Кичүү уулдарынын бири азыр айылда банкты башкарат. Кыргызстандагы уул-кыздары жөнөткөн акчага үй салып, китепканачы байбичеси экөө кененчилик турмушта жашап жаткан экен.

Махмаражап аксакалдын (ортодо) аталаш иниси (оңдо) ооган Памиринен келип, 2-3 ай конок болуп кетти.

Сталин убалына калгандардын бири, жергеталдык аксакал Махмаражап Раимкул уулу эч качан көрбөгөн, жытын да искебеген атасына таарынбаптыр деле, ал кезде заман кыйын болгонун туура түшүнөт экен. Бир гана өкүнгөнү мына ошол ооган Памиринде жашап жаткан аталаш иниси кечээ жакында коноктоп келгенде «Тажикстанга кел, же Кыргызстанда деле үй алып берели, келип, карыганда биз менен бол» десе «Памирде жоро-жолдош, боз үй, оокат-кечек бар» деп караманча болбой колуптур.

Мамаражап аксакал небереси менен