“Өмүр бешиги” - социалдык тасма

Жаш режиссер Асел Жураеванын “Өмүр бешиги” аттуу кыска метраждагы даректүү тасмасы Татарстандын борбору Казанда өткөн “Мусулман киносу” эл аралык фестивалында мыкты деп табылды.
Апа, жашагым келет!

Оорукана, ак халатчан дарыгер, креслодо аял. Эне курсагында жаткан ымыркай. Алда немени сезгендей ары-бери туйлаганы УЗИден көрүнөт. Ооба, ал бекер түйшөлгөн жок. Бир саамдан кийин тирүүлүк менен кош айтышат...

Жүрөгү “апа, жашагым келет” деп сурагандай дүкүлдөп жатып, акыры дымыйт. Башын мыкчыган келин. Караңгы, узун коридор. Бул анын мындан аркы өмүрү. Узун, бүдөмүк, көңүлсүз... Жараткан берген зор бакыттан өз эрки менен баш тартуу жазасы ушул белем?.. Жер огунан тая түшкөнсүйт.

Асел дал ушул кадр аркылуу бүгүнкү күндүн баш оорусуна айланган бойдон алдыруу маселесин козгогусу келген. Бирок аны башкалар сыяктуу муңдуу кылып бүтүрүүнү каалаган эмес. Анын ордуна эне болуу зор бакыт экенин көргөзүүнү эңсегенин Асел Жураева мындайча баяндайт:

- Секелек кыздар абортко барбасын деген ойду бергим келген. Себеби биздин көп кыздарыбыз, айрыкча чет өлкөдө жүргөн кыздар бойдон алдырып жатышпайбы. Мен кино тартып жатканда бул боюнча маалыматтарды көп окудум. Көпчүлүк кыз-келиндер ошондон кийин балалуу болбой калат экен. Кыздар аны түшүнбөй жатпайбы.

Байоо дүйнө, жаңырган муун

Асел мүдөөсүн ишке ашыруу үчүн издеп жүрүп Сокулуктан эгиз балдарды тапкан. Ошентип 2 жаштагы: Абдулазим менен Муслимазим баш каармандарды ойногон.
Эки чыт курсакты тасмада көргөн кишиде аргасыз жылмаюу пайда болот. Эртеден-кече оюн менен алек, топурак челип. Энеге эле түшкөн түйшүк. Дагарага салып жуунтат, которот. Аны эки тентек кайдан түшүнсүн? Кайра эле көчөгө чыгып, ботала болмой. Астына куюп берген тамакты төгүп ичип, дүнүйө капар. Кыймыл-аракетинде эч кандай жасалмалуулук жок, жупуну...

Көп өтпөй эгиздер бир туугандуу болушат. Апасы аман-эсен көз жарып, үйдө бөбөк үнү жаңырат. Оюндан башы чыкпаган эки кичинекейдин моюнуна эми бала терметүү түйшүгү жүктөлөт. Ошентип жашоо өз нугу менен улана берет, муундар жаңыра берет...

Чыныгы даректүү тасма

Асел Жураева тасма тартуу өнөрүн белгилүү режиссер Темир Бирназаровдон үйрөнгөн. Бирок устатын кайталабай, өз жолун таап кеткенин Темир Бирназаров мындайча белгиледи.

- Көпчүлүк жаштар изденбейт. Салттуу, эски жол менен кетет. Жеңил акча табууну көздөп, эптеген бир нерсе тартышат. Асел алардан айырмаланып, өз тилин таап алды. Бул өтө оор нерсе. Кээ бир режиссерлор аны өмүр бою издейт. Дагы бир өзгөчөлүгү: Асел теманы жакшы тандайт. Коомго пайдасы тийген, жөнөкөй каармандар жөнүндө даректүү тасмаларды жаратып жатканы кубандырат.

“Өмүр бешиги” жаш режиссер Асел Жураеванын 2009-жылы тартылган курстук иши. Ошого карабай эл аралык фестивалдардын бир нечесине катышып, сыйлык уткан. Алсак, былтыр Екатеринбург шаарында өткөн “Ачык Орусия” фестивалында эң мыкты дебют, “Шакен жылдыздары - 2011” фестивалында эң мыкты студенттик тасма сыйлыгын жеңип алган.

Быйыл Татарстанда 8-жолу өткөн “Мусулман киносу” эл аралык эл аралык фестивалында эң мыкты кыска метраждуу тасма деп табылды. Фестивалдын калыстар тобуна мүчө болгон Гүлбара Төлөмүшованын айтымында, “Өмүр бешиги” чыныгы даректүү тасманын эстетикасын берип турат.

- Көпчүлүк режиссерлор даректүү тасма тартканда өз каармандарын бир алкакка камап коюшат. Мындай сүйлөгүлө, тигиндей баскыла деп. Асел андай ыкмадан баш тартып, жөн гана байкоо жүргүзгөн. Бул жагынан алганда тасмага баа берүү керек. Чыныгы даректүү тасманын эстетикасын берип турат.

Ал эми Асел курстук иши мынчалык ийгиликке жетет деп күткөн эмес. “Өмүр бешигин” тартып бүткөндөн кийин дароо эле экинчи тасмага өтүп кеткен.

- Бул жөнүндө унутуп калган элем. Фестивалдарга деле жөнөтпөй калгам. Бирок болбой эле жеңип жатат. Бул жолу деле жеңишке жетем деп ойлогон эмесмин.

Асел Жураева келечегинен көптү үмүт кылган жаш режиссер. Анын “Мекеге карай жол” деген кыска метраждуу тасмасы да эл аралык фестивалдарда ар кандай сыйлыктарды жеңген. “Кыргыз кереметинин” көчүн улантып жаткан жаш режиссерго ак жол каалайбыз.