Меляускас: Бизди каралап жатышат

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстанда электрондук паспортко бланктарды сатып алуу боюнча тендер жаңжалы уланууда. Өткөн аптада УКМК бул жаңжал боюнча кылмыш ишин козгоду. УКМК тараткан маалыматы боюнча, тендердин жүрүшүндө Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жана учурдагы жетекчилери тендерде жеңүүчү болгон компания менен өз ара келишип алып, иш алпарган. Ал тендерде жеңүүчү болгон литвалык “Гарсу Пасаулис” компаниясы бул маалыматты четке кагууда. Акыркы жагдай боюнча аталган компаниянын директорунун кеңешчиси Витаутас Меляускас “Азаттыкка” маек берди.