Интеллигенциянын аянычтуу “өлүмү” сахнада

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргыз эл жазуучусу, сценарист жана режиссер Мар Байжиев Александр Островскийдин “Сепсиз кыз” спектаклин азыркы учурга ылайыктап сахнага алып чыкты. Спектаклди Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын артисттери даярдап, Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Шайгүл Алсеитова режиссер болду. Көрүүчүлөр оюнда орус драматургунун 19-кылымда жазган драмасы аркылуу кыргыз интеллигенциясынын бүгүнкү аянычтуу абалы чебер чагылдырылган деп баалашты. Оюндун алдында Мар Байжиевге чыгармачыл салымы үчүн КМШдагы мамлекеттердин гуманитардык кызматташтык фондунун "Шериктештик жылдызы" сыйлыгы тапшырылды.