Жеңишти Германияда тосуп алган Амантур Токтоназаров

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

95 жаштагы Амантур Токтоназаров быйыл Жеңиштин 76-жазын тосуп жатат. Жети-Өгүз районундагы Ак-Кочкор айылынын кадырлуу тургуну согушка 18 жашында барган. Төрт тилде эркин сүйлөп, мыкты педагог болом деген кыялын Амантур ата согуш талаасына алмаштырган. Бир үйдүн тун уулу Жеңишти Германияда тосуп алып, беш жылдан кийин мекенине кайтып келген.