Чет элдиктер тушоо тойдо чуркады

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Туризмди өнүктүрүүгө багыт алган Ак-Суу районунун Шахты-Жыргалаң айылында туристтик фестиваль өттү. Нукура кыргыз элинин каада-салтын, үрп-адатын көрсөткөн иш-чарага 300гө жакын чет элдик турист катышты. Бул айыл таза абасы, көз жоосун алган жаратылышы менен сонку беш жыл аралыгында Европа өлкөлөрүнөн миндеген эс алуучуларды өзүнө тартып келет.