Бишкектеги бүлдүргүчтөр

Майып балдар үчүн селкинчектерге миң доллардай каражат жумшалган. Бир күндөн кийин эле анын кармооч чынжырчасы уурдалып, эскертүү тактайчасын сындырып кетишкен.  

Селкинчекте дени сак балдар топтошуп алып ойноп келишет. 
 

“Ата-энелер балдарына бул селкинчекте ойноого болбой тургандыгын эч качан түшүндүрүшпөйт. Айрым ата-энелер, балдарым майыптардын жанында ойнобойт деп, бул селкинчекти алып салуусун өтүнүп арыз да жазышкан. Биздин максат, майыптардын коомго аралаштыруу эле. Тилекке каршы азырынча ал оюбуз ишке ашкан жок”, – деди Жаштарды өнүктүрүү институтунун өкүлү Ажара Касмалиева.
 

Майып арабага ылайыкталган темир бөлүкчө сынып, азыр селкинчек балдар үчүн кооптуу абалда.
 

Бишкек шаары, Эркиндик бульвары. 

Бишкек шаары, Эркиндик бульвары. 

Бишкек шаары, "Жаштар аллеясы" эс алуу багы. 

Баш калаада коомдук жайлардагы буюмдарды сындырып же бузуп, талкалоо көп катталат. Мындай тагдырга “Жаштар аллеясы” эс алуу багындагы көчө музыкалык аспаптары да туш болду.

Жети түтүкчөсүнүн ар бири музыкалык ноталарга ылайыкташтырылып жасалган бул трубофондун төрт түтүкчөсү кайда кеткени белгисиз. 

Глюкофон деп аталган бул аспап күүгө келгенде космостогу үндөргө окшош, коңур дабыш чыгат. Аллеядагы глюкофондун бөлүкчөлөрү ичине карай майтарылып калган. Аны эми күүгө келтирүү мүмкүн эмес.
 

Бишкек шаары, "Жаштар аллеясы" эс алуу багы. 

Бишкек шаары, Фучик атындагы эс алуу багы.

Фучика паркындагы Чернобылдагы апааттын катышуучуларына орнотулган эстелик.

Фучик атындагы эс алуу багында орнотулган мультипликациялык арт-объект да кайра оңдоп- түзөөгө муктаж.

Коомдук жайлардагы вандализм жаштарга түшүндүрүү иштеринин жоктугунан болорун адистер ортого салат.

Касымалы Баялинов атындагы китепкананын багында орнотулган майыптар үчүн машыгуу аянтчасы. “Стрит воркаут” уюму тарабынан демилгеленип, жаштарды өнүктүрүү институтунун колдоосу менен ишке ашкан.
 

Мындагы машыгуу шаймандары жапыс орнотулуп, майыптарга ылайыкташтырылган. "Стирт воркаут" уюму тарабынан көзөмөлдөнүп тургандыктан, дагы деле өз калыбында. 
 

Вандализмдин алдын алуу үчүн “Жаштарды өнүктүрүү институту” бир катар иш-чараларды уюштуруп келет. 
 

Хаяо Миядзакинин белгилүү мультфильминин негизинде орнотулган бул скульптуралык композиция, жаштарды коомдук мүлктөргө аяр мамиле кылууга чакырат.