“Өлбөс полктун” көчү

Шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев “Азаттыкка” билдиргенине караганда, былтыр бул жүрүшкө 30 миңге жакын адам катышкан.

Саат 10до башталган “Өлбөс полк” жөө жүрүшүнүн катышуучулары колуна согуштан кайтпай калган жана кийин каза болгон чоң ата, чоң апа, туугандарынын сүрөтүн кармап алып борбор калаанын Түштүк дарбазасынан Байтик Баатыр/Абдрахманов көчөсү менен Жеңиш аянтына чейин басып келишти. Жолдун жалпы узундугу 6,6 чакырым.

1941-1945-жылкы Улуу Ата Мекендик согушка 365 миң кыргызстандык катышкан, алардын 115 миңи майдандан кайтпай калган.

Президент Сооронбай Жээнбеков да “Өлбөс полк” акциясына катышты. Мамлекет башчы дайынсыз жоголгондордун тизмесинде катталган чоң атасы Жээнбек Пирназаровдун сүрөтүн көтөрүп чыкты. 

Оорукта калган кыргызстандыктар фронтко өз ыктыяры менен жөнөткөн каражаттардын эсеби ушул күнгө чейин толук такталып бүтө элек.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 470 ардагердин көзү тирүү.

Өткөн жылы алардын саны 650дөй экени айтылган. Алардын пенсиясынын орточо өлчөмү 7 миң сом. 

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына караганда, бүгүнкү күндө Кыргызстанда 475 согуш ардагери калды.

Бишкекте салтка айланып бараткан “Өлбөс полк” акциясы өттү. Сүрөттөрдү Бектур Стамкулов тартты.