Апта-маанай: (16-22-апрель)

16-апрель: ЖК комитеттери апрель жана июнь окуялары боюнча парламент токтомдорунун аткарылышы тууралуу өкмөттүн маалыматын укту

17-апрель: Сауд Арабиясы Кыргызстага ажылык үчүн быйыл да 4,5 миң орун бөлгөнү кабарланды.

18-апрель: Оппозиция лидерлери өкмөт менен жолугушууга барбай койду.

18-апрель: Жогорку Кеңеш Коомдук каналдын Байкоочу кеңешинин жаңы курамын бекитти.

19-апрель: Baltic Surveys/The Gallup Organization компаниясы сурамжылоого ылайык, кыргызстандыктар орусиялык телеканалдарга көп ишенбей калганын жарыялады.

20-апрель: "Ата Мекен" фракциясы чек ара аймактарында чет элдик жарандарга жер жана үй сатууга тыюу салуу маселесин козгоду.

Жазгы талаа иштери күчөп, айрым аймактарда трактор жетишсиздигинен дыйкандар эшекке кошулган соко менен жер айдоого аргасыз.

20-апрель: Транспорт прокуратурасы жыл сайын июль-август айларында Ооганстандан Кыргызстанга каттап турган чет өлкөгө таандык үч тик учак боюнча кылмыш ишин козгоду.