Кыш кыялы менен

Бишкекте кечээ таң аткандан кечке кар жаап, бүгүн токтоду. Аны адистер 20 сантиметрге жетти деп өлчөштү. Бул ушул мезгил үчүн демейдегиден үч эсе калың болуп эсептелет экен.
Ошондон улам Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен жолдордо көчкү болушу ыктымал деп, жүргүнчүлөргө эскертүү берилди. Ал эми кыштын башында электр жарыгы жана газы жок калган райондор көп болуп жатат. Калың түшкөн кар сыноолорун ушинтип баштады.

Ал эми Кыргызстан боюнча эң калың кар Төө-Ашууга 78 сантиметр калыңдыкта түштү. Чоң-Ашууда кардын калыңдыгы 48 сантиметр болду. Буга байланыштуу Гидрометеорология агенттигинин директорунун орун басары Ырыскелди Асанкожоев көчкү жүрүшү күтүлгөн жерлерди белгиледи.

- Бишкек-Ош жолунун 121-137-чакырымында, 198-265-чакырымында, Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45 – 90-чакырымында, Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу жолунун 45 – 90, 145 - 150-чакырымында, Ала-Бука - Каныш-Кыя жолунун 62 – 100-чакырым аралыктарында кар көчкү жүрүшү мүмкүн.

Андыктан аталган жолдордо унаалар 500 метр аралыкты катуу сактоого тийиш. Октябрда биринчи жааган кардан эле Бишкек-Ош жолунда чакырымдарга созулган тыгындар пайда болгон.

Бишкек-Ош жолунун мамлекеттик дирекциясынын башчысы Жаныбек Алиязов жолдогу абал айдоочуларга да көз каранды болгонун билдирди.

- Бишкек-Ош жолунун Чүй тарабында кар көп. Төө-Ашуунун түндүк жагында кар азыраак, бирок бороон-чапкын болуп жатат. Машинелер бардык жерде жакшы өтүп жатат. Жолдогу кардын баарын тазалап бүттүк. Суусамыр өрөөнүндөгү Ала-Белге чейинки кардын калыңдыгы 15 сантиметрге жакын.

Өткөн суткада жааган карга жана башка себептерге байланыштуу электр тармагында авариялар көп катталган. Министрликтин басма сөз кызматынын өкүлү Азамат Курамаев негизги күч өлкөнүн түндүк тарабына келип жатат дейт:

- Республика боюнча өткөн суткада 82 авария болду. Анын ичинен Түндүк электр ААК караган аймакта 53 авария, Чыгыш электр ААК аймагында 4, Ош электр -15, Жалал-Абад электр ААК 10 авария катталган. Азыр алардын баары калыбына келтирилип, электр жарыгы берилип жатат.

Бирок кокустуктардан сырткары кышка камдануу, кабелдерди, көмөк чордондорун сактоо максатына жана куруу иштерине байланыштуу пландуу өчүрүлүп жаткан райондор бар.

Жекшембиден бери жаратылыш газын Казакстан аз берип жатат. Саатына 55 миң куб берилип келсе, азыр 41 миң кубка түшүп калды. Ага байланыштуу газ такыр жетпей калган райондор арбын. Бирок “Кыргызгаз” ишканасы 27-ноябрдан тарта газдын көлөмү акырындык менен көбөйө баштаганын билдирди. Ишкананын басма сөз катчысы Жайнагүл Максимова газы жок отурган жерлерди, ишканаларды атады:

- Аламүдүн, Орто-Сай, Восток, Лебединовка айылдарында, Токмоктун бир бөлүгүндө жана жылытуу түйүнүндө, Канттагы от жагуу жайында, Токмоктогу спирт заводунда газ азыр жок. Ошондой эле Ош, Жалал-Абад сыяктуу башка аймактарда да газ өтө аз берилүүдө, бирок такыр өчүрүлүп калган жок.

Ал эми “Кыргызгаз” ачык акционердик коомунун башкы директору Тургунбек Кулмурзаев дем алыш күндөрү газ жетпей жаткан жерлерге бериле баштайт деди.

- Газадан башка альтернативасы болгон жеке ишканаларда жана башка жерлерде газды токтотууга туура келди. Дүйшөмбүгө чейин алардын баарына берилет. Казакстан жана Өзбекстан менен түзүлгөн келишимге ылайык, декабрь айына дагы ала турган газ калды. Ал бир ай үчүн жетээрлик. “КазТрансГаздан” 28 миллион куб, “УзТрансГаздан” 33 миллион куб газ алабыз.

Ал эми 2013-жыл үчүн газ сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөр дале уланып жатат. Кыргызстан Өзбекстанга баасын сунуштаган, алардан жооп келиш керек. Казакстан менен бир жылдык газдын көлөмү гана макулдашылып, баасы боюнча сөз козголо элек.