Жыргалаңдагы жыргал

Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы Жыргалаң айылында өткөн фестиваль жергиликтүү элдин демилгеси жана USAID уюмунун Ишкерликти колдоо программасынын алкагында уюштурулду.

Фестиваль J-Fest деп аталып, анын алкагында концерттер жана кышкы оюндар тартууланды.

Фестивалга келген балдар эң мыкты кар адам жасоо боюнча мелдешип, аларга демөөрчүлөр белек тартуулашты.

Аймакта 2014-жылы "Жыргалаң өрөөнү дестинациясы" коомдук бирикмеси туризмди өнүктүрүү жаатында иш баштаган.

Каракол шаарынан чыгышка карай 60 км алыстыктагы Жыргалаң өрөөнүндө акыркы жылдары кышкы туризмге көңүл бурула баштады.

Фестивалга жергиликтүүлөрдөн тышкары, Бишкектен жана башка аймактардан, ошондой эле чет элден келген туристтер катышышты.

Фестивалга келген спортчу.

Кышкы туризм фестивалына Алайдан келген катышуучу - Шамурат Матиев.

Фестиваль концерт менен коштолуп, белгилүү алып баруучу, куудул Мыкы коноктордун маанайын көтөрдү.

Фестиваль алкагында уюштурулган сынактардан бири.

J-fest фестивалы алгач 2015-жылы уюштурулган. Быйыл экинчи ирет, былтыркыдан чоңураак өткөнүн уюштуруучулар кабарлашты.

Фестивалда мектеп окуучулары флешмоб жана башка оюн-зоок программаларды тартуулашты.

Фестиваль тартуулаган кубаныч.

Фестивалдын катышуучусу.

Окуучулар тартуулаган бий.

Фестивалга келген катышуучулар.

Жыргалаңда тоо туризмин өркүндөтүүгө USAID колдоо көрсөтүп келүүдө. Андан тышкары, жергиликтүү компаниялар демөөрчүлүк кылып жатат. 

Жыргалаң өрөөнү дестинациясынын аткаруучу директору Тынчтыкбек Жанадып туризмди өнүктүрүү жаатында ой бөлүшүп жатат

Жыргалаң өрөөнү.

Фестивалдын расмий ачылышына келген жергиликтүү аксакалдар.

Жыргалаң өрөөнүндө ушул күндөрү 1-1,5 метр кар бар. Аяздын күчү -20 градуска жетүүдө.

"Жыргалаң өрөөнү дестинациясынын" негиздөөчүсү, аймактагы туризмди өнүктүрүү боюнча иштердин уюштуруучусу - Эмил Ибаков.

Фестиваль көпчүлүккө жылмаюу тартуулады.

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аскат Акибаев фестивалдын ачылышында.

Ысык-Көлдүн Жыргалаң өрөөнүндө 19-ноябрда Кышкы туризм фестивалы уюштурулуп, жылгаяк сезону ачылды.